Казахстан Республикасынын Түркестан шаарында 2024 жылдын 18-20-апрель күндөрү «Түрк элдеринин эл аралык географиялык конгресси» болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин профессору, география илимдеринин кандидаты Ниязов Тургунбек Зайнитдинович, физика факультетинин доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты Жусупкелдиев Шаршенбек Жусупкелдиевич жана И.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун ага окутуучусу Сейталиев Максат Есенович баштаган жамаат барып катышып, Кожа Ахмет Ясави атындагы төш белги, ыраазычылык кат, сертификаттарга ээ болуп келишти.

(С) Сейталиев Максат – И.Исамидинов атындагы ПКМДИнин ага окутуучусу

Добавить комментарий