2024-жылдын 4-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык клубу тарабынан уюштурулган «Ааламдын көркү – аялзат» аттуу адабий-музыкалык поэзия кечеси өтүп, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан иш чаранын меймандарын куттуктап, ар бирөөнүн акындык өзгөчөлүктөрүн белгилеп өттү.

Меймандар:

  • Сайра Батыркулова – Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери, КТРКнын отличниги, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Даңазалуу доор” тасмасында Султан Сулеймандын карындашы Фатманын үнүн коштогон, азыр да мультфильм, документалдык тасмаларды которуп, үн коштойт. “Деңиз дүйнө”, “Каректе калган издер” аттуу ырлар жыйнагынын автору.
  • Кутмырза Жакыбалиев – Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, «Дүбүрт» жана «Закым ээрчиген чыйыр» ыр жыйнактарынын автору. Кыргыз радиосунун 80 жылдыгына арналган «Талантттар таймашы» уктуруусунун Ардак грамотасы, республикалык “Кыргыз тили” коомунун “Ыйык тил” төш белгиси, Борбор Азиядагы жазуучулар жана тарыхчылардын “Янги Овоз” союзунун “Мыкты калемгер” төш белгиси, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, КР Жогорку Кеңешинин 85 жылдык юбилейлик медалы ж.б. көптөгөн сыйлыктардын ээси, акын.
  • Махабат Саидрахманова – “Шоола” аттуу аңгемеси ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун “Махмуд Кашгари” сыйлыгына татыган. Проза жанрына көп кайрылып, бир нече аңгеме, новеллаларын окурмандарына сунуштаган. “Кыргыз Туусу”, “Эркин-Тоо” гезиттеринде журналист болуп иштеп келет, акын, жазуучу.
  • Венера Акматова – Улуттук жазуучулар союзунун жана “Янги овоз” эл аралык жазуучулар жана тарыхчылар союзунун мүчөсү, “Табылгам”, “Адемим” аттуу эки китептин автору.
  • Улукбек Омокеев – Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты. “Кеч күздөгү сулуулар”, “Жаз жыты”, “Ата сүйүү” китептеринин автору, акын.
  • Улан Дөөлөтов – Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, “Убакыт” ыр жыйнагынын автору.

(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, “Жаш толкундар” адабий-чыгармачылык клубунун жетекчиси, доцент

Добавить комментарий