Өткөн жумада Алтай мамлекеттик университетинде ректор Сергей Бочаровдун жетекчилиги астында “Чоң Алтай” Алтай таануу жана түрк таануу илимий-изилдөө борборунун эксперттеринин “Түрк цивилизациясынын летописинин” экинчи томунун планын талкуулоо боюнча стратегиялык сессиясы болуп өттү. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын алты университетинен жана жети академиялык мекемесинен 20 окумуштуу катышты.
Төрт өлкөнүн илимпоздору менен жолугушууну ачып жатып, Алтай мамлекеттик университетинин ректору Сергей Бочаров “Түрк цивилизациясынын летописи” көп томдугу бул, Россиянын жана чет өлкөлөрдүн археологдорун, тарыхчыларын, саясат таануучуларын, тилчилерин бириктирген эл аралык маанилүү долбоор экенин белгиледи. Ал орто кылымдардагы түрк саясий бирикмелеринин келип чыгуу жана өнүгүү тарыхына арналган летопистин биринчи томунун үстүндө 21 илимий уюмдан 35 окумуштуу эмгектенгенин эске салды. Биринчи томдун бет ачары 2023-жылы октябрда Алтай мамлекеттик университетинде өткөн III Эл аралык Алтай таануу форумунда өтүп, эл аралык илимий жана эксперттик коомчулуктун жогорку баасына татыган.
Летопистин экинчи тому 2024-жылдын аягында жарыкка чыгат жана ал түрк цивилизациясынын акыркы орто кылымдардагы (XIII – XVII кылымдар) тарыхына арналат. “Чоң Алтай” Алтай таануу жана түрк таануу илимий-изилдөө борборунун директору, профессор Юлия Лысенконун айтымында, монографияда Монгол империясынын Евразия чөлкөмүндө үстөмдүк кылган мезгили, анын кулашы жана акыркы орто кылымда жаңы мамлекеттердин пайда болушу чагылдырылат.
Экинчи томдун үстүндө иштөөгө Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан орто кылымдардагы түрк тарыхы боюнча алдыңкы эксперттер катышат. Алардын катарында Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Чыгыш тарыхы бөлүмүнүн башчысы Александр Васильев, Татарстан Республикасынын Илимдер академиясынын Ш.Маржани атындагы Тарых институтунун М. Усманов атындагы Алтын Ордо жана Татар хандыктарын изилдөө борборунун башчысы Ильнур Миргалеев, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Казакстандын байыркы жана орто кылымдар тарыхы кафедрасынын башчысы Нурлан Атыгаев, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Улуттук археология борборунун жетекчиси Гайбулла Бобояров, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Олжабай Каратаев, ошондой эле Россия Илимдер академиясынын Россиянын тарыхы институтунун, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Тарых жана этнология институтунун, Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын Абу Райхан Бируни атындагы Чыгыш таануу институтунун адистери бар.
«Мен үчүн Россиянын жана Борбор Азиянын түрк мамлекеттеринин белгилүү окумуштуулар тобунун курамына кирүү чоң сыймык», – деди Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Казакстандын байыркы жана орто кылымдар тарыхы кафедрасынын башчысы Нурлан Атыгаев. – Экинчи томдо Монгол империясы кулагандан кийин пайда болгон Алтын Ордо, Эмир Темир мамлекети өңдүү жана башка мамлекеттердин тарыхы көрсөтүлөт. Евразияда жаңы түрк этносторунун (казактардын, өзбектердин, каракалпактардын жана башка элдердин) калыптануу процесстерин көрсөтүүнү пландап жатабыз. Томдун маанилүү бөлүмүн XIII–XVII кк славян-түрктөрдүн өз ара байланыш тарыхы түзөт. Милдеттер, албетте, чоң, бирок менимче, биздин авторлор тобунун жөндөмү жетишерлик.
«Бул биргелешкен эмгек бизди, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын окумуштууларын жакындатат», – деп белгиледи Ж.Баласагын КУУнун профессору Олжабай Каратаев. – Биздин биргелешкен ишибиз жана тажрыйба алмашуубуз түрк мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү бул эң кызыктуу тарыхый мезгилге тереңирээк жана кеңири көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай аракет Россия Федерациясынын жана анын эң жакын союздашы Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарына жооп берет. Бул үчүн Алтай мамлекеттик университетинин жетекчилигине ыраазычылык!
(С) Юлия Явинская – «Чоң Алтай» Алтай таануу жана түрк таануу илимий-изилдөө борборунун маалымат борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, Алтай мамлекеттик университетинин доценти