2023-жылдын 26-декабрь күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада көйкашка акын, атактуу сатирик, белгилүү драматург Райкан Шүкүрбековдун 110 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Катышуучулар алгач акындын өмүрү менен чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмөнү көрүштү. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басара Айнура Аскарованын куттуктоо сөзү менен башталган илимий иш чара улуттук адабияттын белгилүү өкүлдөрүнүн илимий баяндамалары, эскерүүлөрү менен улантылды. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан “Райкан Шүкүрбековдун термелеринин идеялык-көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” деген аталышта кеңири баяндама жасады.

Кеченин соңунда төкмөлөр залкар акындын термелеринен үзүндүлөрдү айтышса, Райкан Шүкүрбеков атындагы № 38-мектеп-гимназиясынын окуучулары акындын өлбөс-өчпөс саптарынан окуп беришти.

Добавить комментарий