2024-жылдын 15-апрелинде КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде ишке ашырылып жаткан 030503 «Укук таануу» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү программасын аккредитациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин (САРА) тышкы эксперттик комиссиясынын (ТЭК) иши башталды.

ТЭК мүчөлөрү өз жумушун КУУнун жетекчилиги менен онлайн жолугушуудан баштады. Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов ачып, сөздү Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директору Б.А.Токсобаевага берди.

Бактыгүл Асанован аккредитациялоо процедурасы – жогорку окуу жайлардагы билим берүү программаларын өркүндөтүүгө дем берүүчү процедура экенин белгилеп, Нарын шаарындагы факультеттин ишине баа берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн КУУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрүн жыйындын катышуучуларына тааныштырды:

  • Акматова Зарина Салмоорбековна – Кыргыз экономикалык университетинин экономика жана сервис колледжинин гуманитардык-укуктук дисциплиналар боюнча предметтик усулдук комплексинин окутуучусу. М.Рыскулбекова, комиссиянын төрайымы;
  • Маатов Тилек Муканбетович – Кыргыз Республикасынын юстиция башкармалыгынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, комиссиянын мүчөсү;
  • Турдакунова Сулима Жылдызбековна – Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых» багыты боюнча 1-курс студенти, комиссиянын мүчөсү;
  • Токсобаева Бактыгүл Асановна – экономика илимдеринин доктору, профессор, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директору;
  • Эсенгулова Нургуля Айтбаевна – ф.и.к., доцент, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директорунун орун басары.

Онлайн-жолугушууга о.э. КУУнун окуу башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кыдыралиев; окуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары Лариса Курманалиева; Билим сапаты, мониторинг, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Бузурманкулова, адистери Надежда Храмцова, Айпери Иманходжаева, Айдана Шамил кызы, Нарындагы ГТИФтин деканы жана өкүлдөрү: С.С.Иманалиев, К.У.Уранбекова ж.б. катышты.

Окуу иштери боюнча проректор Ж.Т.Бексултанов билим берүүнүн сапаты жаатындагы саясат КУУнун стратегиясынын ажырагыс элементи, ал эми аккредитация – университеттеги сапатты камсыздоо системасынын натыйжалуулугун көзөмөлдөөчү механизмдердин бири экенин баса белгиледи.

Улуттук университетте ишке ашырылып жаткан билим берүү программалары тууралуу видеоролик көрсөтүлгөн соң, эксперттер КУУнун жетекчилигине окуу жайдын стратегиялык өнүгүүсү, академиялык, социалдык жана каржылык саясаты ж.б.у.с. боюнча бир катар суроолорду берип, тиешелүү жооптор берилди.

Жыйындын соңунда алдыдагы эки күндүк иш сапарынын программасы аныкталды. Жолугушуу чыгармачылык жана иштиктүү мүнөздө өттү.

Добавить комментарий