2024-жылдын 23-апрелинде кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын доценти А.Бешкемпирова “Түрк тилдери менен кыргыз тилиндеги жалпылыктар жана айырмачылыктар“ деген темада КТАОМ(сп)-1-20 группасынын студенттерине ачык сабак өттү. Сабакка кафедра башчысы Э.Акунов, ага окутуучулар М.Апышева менен Г.Абдыкадырова жана окутуучу М.Обулбековалар катышты.

Сабакта студенттердин өз алдынча даярданып келген слайддары көрсөтүлүп, суроолоруна жооп алышты. Сабак максатына толук жетти. Сабакты мыкты деңгээлде уюштура билген жетекчилери А.Бешкемпировага терең ыраазычылык билдиребиз.

(С) Бешкемпирова А.  – доцент

Добавить комментарий