2024-жылдын 17-апрель күнү инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова КУУнун инвестиция бөлүмү менен Кыргыз-Япон борбору биргеликте өткөргөн “Venture Quest” аталышындагы стартап долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Аталган сынакка коммерциялаштыруу потенциалына ээ болгон жаңы продукцияларды, жаңы технологияларды жана кызматтарды түзүү боюнча жалпысынан 32 стартап-долбоор кабыл алынып, 2023-жылдын 29-декабрында атайын комиссия алардын арасынан эң мыкты делген 15 бизнес-долбоорду тандап алган. 2024-жылдын февраль айында ар бир командага консультация-тренинг өткөрүлүп, жыйынтыгында 8 бизнес-долбоор финалга чыккан.

2024-жылдын 28-февралында “Venture Quest” сынагынын финалдык бөлүгү өтүп, төмөндөгү командалар жеңишке ээ болгон:

1-орун. “Бириккен” командасы: Буканчиева Салима (орус жана славян филологиясы факультетинин 2-курс студенти), Ибраимов Атай, Калдарбекова Күмүшай, Исмаилов Алихан, Абдумаминова Махлорайым (баары кыргыз-европа факультетинин 1-курс студенттери).

2-орун. “Микрозелень” командасы: Чолпонбеков Дастан (КЕФ).

3-орун. “Жем Ордо” командасы: Артыкбаева Малика, Бекзатова Адеми (КЕФ), Кубатов Айтегин (ПКМДИ), Кубанычбекова Аймырза (ЭЖМ), Дарья Чачина (МБИ).

Жолугушуунун жүрүшүндө Гүлбара Сыдыкова Сынакта биринчи орунду ээлеген “Бириккен” командасына ноутбук, ал эми экинчи жана үчүнчү орунга татытуу болгон “Микрозелень”, “Жем Ордо” командаларына планшет тапшырып, команда мүчөлөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жеңүчүлөрдү о.э. кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова менен педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору Рахат Сулайманова куттукташты.

Добавить комментарий