2024-жылдын 13-апрель күнү борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча Бишкек мэриясы тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында жана административдик-чарба иштери боюнча проректор Б.К.Айтахуновдун 26-мартта кол койгон буйрутмасынын негизинде Кыргыз улуттук университетинде ишембилик өткөрүлдү.

Институттардын, факультеттердин, колледждердин студенттери түзүм жетекчилери менен биргеликте, ал эми жатаканда жашаган студенттер коменданттар менен чогуу өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүшүп, ал жердеги арыктарды тазалашты.

Бул жолку ишембиликте айрыкча окуу башкармалыгынын кызматкерлери активдүүлүктү көрсөтүштү.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди чарба жабдуулары менен камсыз кылышты.

Добавить комментарий