2024-жыл боордош Түркмөнстанда “Мактымгулу Фраги акыл-эстин кенчи” жылы деп аталган. 2024-жылдын 25-январь күнү мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан Түркмөнстандын элчилигинде ушул маанилүү жылдын урматына уюштурулган брифингге катышты.

Иш чаранын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун “Жаштар – Ата Журттун тиреги” деп аталган китебинин бетачары да болду. Илим жана маданияттын өкүлдөрү, Кыргызстандагы түркмөн коомчулугу катышкан жыйында Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голлиев Нуры Кутлыевич кеңири сөз сүйлөп, кеп учугун Садык Алаханга узатты. Проректор “Мактымгулу жана кыргыз адабияты” деген презентация-баяндамасын жасады. Андан соң сөз алып сүйлөгөндөрдүн баарысы эки элдин достугу, Мактымгулунун чыгармаларынын гуманисттик мааниси, азыркы Түркмөнстандын жетишкендиктери тууралуу кеп кылышты.

Иш чара кыргыз жана түркмөн элинин достугун даңазалаган маанайда өттү.

Добавить комментарий