2024-жылдын 25-апрелинде А.А. Асанова атындагы  Менеджмент жана Бизнес институтунда Менеджмент профессордук-окутуучулук курамынын аракети менен менеджмент багыты боюнча 1-4 курс студенттеринин жана 1-2-курстардын магистранттарынын ата-энелери менен оффлайн жана онлайн режиминде жолугушуу болуп өттү.

Саламдашуу  сөзү менен «Менеджмент» Программасынын жетекчиси, э.и.д., проф. Акылбекова Н.И., ата-энесине жакшы тарбия берип, колдоо көрсөтүп, убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Менеджмент программасынын  доценти , Жылкычиева Ж.Т. Программанын ѳзгѳчѳлүгү жөнүндө ;  студенттердин мобилдүүлүгү жөнүндө; билим берүү программаларынын мазмуну жөнүндө; программанын багыттары жөнүндө; заманбап окутуу технологиялары жөнүндө; дуалдык билим берүү системасы жана «Менеджмент» билим берүү программасынын жетишкендиктери жана институт жөнүндө сүйлѳдү.

Жолугушууда Менеджмент программасынын УМК, ООП, Окуу программалары  жана ошондой эле  билим берүү программасынын максаттары жана натыйжалары талкууланды.

Студенттердин коомдук турмушу, магистранттардын илимий ишмердүүлүгү, студенттердин ЖОЖдор аралык, республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катышуусу, ошондой эле студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу суроолор дагы  көтөрүлдү.

Ата-энелер  ЕНУда, РУДН университетинде окуу тартиби боюнча  да суроолорун  беришти.

Ошондой эле ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, өз кезегинде ата-энелер ОП Менеджментинин педагогикалык жамаатына терең ыраазычылыктарын жана каалоолорун билдиришти.

Жыйындын соңунда чакырылган ата-энелерге ыраазычылык баракчалары салтанаттуу түрдө тапшырылып, чогуу сүрөткө түшүштү.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда ѳттү.    

(С) Конокбай кызы Ж. – директордун тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий