2024-жылдын 17-апрель күнү математика жана информатика факультетинин студенттери Улуттук университет ысымын алып жүргөн улуу илимпоз Жусуп Баласагын жашаган шаардын тарыхын билүү максатында «Бурана» археологиялык музей комплексине экскурсияга барышты.

Комплекстин менеджеринен студенттер «Бурана мунарасы» Баласагын шаарында жайгашканын жана Караханийлер дооруна таандык тарыхий-архитектуралык эстелик экенин билишти.

31-май – Улуттук университеттин күнүн майрамдоо алкагында өткөрүлгөн иш чара учурунда студенттер эс алуу менен гана чектелбестен, комплекстин айлана-чөйрөсүн да тазалашты.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий