2024-жылдын 23- 24-апрелинде мамлекеттик тил сектору КУУнун окутуучулары жана кызматкерлери үчүн “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн технологиялары” аталышындагы  семинар өткөрдү.

Иш чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, семинар иш кагаздарын мамлекеттик тилде уюштурууну өркүндөтүү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документ жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жатканын билдирип, ийгиликтерди каалады.

Андан кийин, мамлекекеттик тил секторунун башчысы Динара Мырзагулова иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн үлгүлөрүнѳ токтолуп, колдонулушу, аларды сактоо мөөнөтү жана иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы менен  тааныштырып, кеңири айтып берди.

Семинар суроо-жооптор менен коштолуп, кызуу талкууланды

(С) Динара Мырзагулова – мамлекекеттик тил секторунун башчысы

Добавить комментарий