2024-жылдын 22-апрелинде ректор Төлөбек Абдырахманов Вайхей билим берүү жана консалтинг компаниясынын Бишкектеги өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда аталган компания менен КУУнун ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Жергиликтүү өкүл Ван Линьцзю өзү иштеген компания Улуттук университетке Кытайдан, анын ичинде Яньтай кесиптик техникалык колледжинен студенттерди алып келүүгө даяр экенин билдирип, аны ишке ашыруунун жолдору жана ал үчүн кандай документтер керек экендигине кызыкты.

Ректор Улуттук университетте Кытай менен иштеген үч структура, т.а кыргыз-кытай институту, Жибек-Жолу институту жана Конфуций институту бар экенин, бирок алардын ичинен ККИде гана бакалавриат, магистратура жана PhD билим берүү программалары ишке ашырылаарын белгилеп, аталган маселени чечүү үчүн адегенде меморандум, андан кийин келишимге кол коюу керек экендигин жана министрлик менен макулдашуу зарылдыгын билдирди. – Эгер сиздер бул маселеге олуттуу мамиле кылып, чечүүгө кызыкдар болсоңуздар, мен окуу иштери боюнча проректорго, эл аралык байланыштар жана кызматташтык департаментине жана кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысына тапшырма берем. Калган маселелерди ошолор менен чечесиздер, – деп сөзүн жыйынтыктады Төлөбек Абдырахманов.

Жолугушууга окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов менен эл аралык байланыштар жана кызматташтык департаментинин директору Бакыт Келдибеков катышты.

Добавить комментарий