2024-жылдын 18-апрелинде Түрк тилин үйрөтүү борбору тарабынан Кыргызстандын түштүк региондорунда туруктуу отурукташкан түрк тектүү (Гөктүрк) айылдарда эмгектенген мугалимдери үчүн уюштурулуп жаткан квалификациясын жогорулатуу семинарына бөлүм башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова, улук окутуучу Фаризат Курамаева катышышты. Аталган иш-чарада бөлүм тууралуу презентация жасалып, аталган аймактардан келген мугалимдер аркылуу бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыттоо боюнча маалымат  берилди.

Иш-чарага Ош облусунун Акташ, Кайрат, Аюу, Дөңбулак,  Өзгөрүш, Чекават айылдарынан, Ош шаарындагы М.Горький,  Алишер Навои, N83 орто мектеп   жана Баткен облусунан Имам Хатип лицейинен мугалимдер катышты.

Бөлүмдүн профилдик багыттары, адистиктери тууралуу мектеп мугалимдеринин суроолоруна жооп берип, ЖРТнын босого баллына ээ болгон жана бөлүмдө билим алууну каалаган абитуриенттердин окуу үчүн төлөмү Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан төлөнө тургандыгы жөнүндө маалымдалды. Бөлүм туурасында буклеттер, соц.баракчалардын шилтемелери, QR Kod жана байланыш телефондору берилди.

(С) Элебесова Б.Б. – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы

Добавить комментарий