2024-жылдын 15-апрелинде география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова, кафедра башчылары Алмагүл Кендирбаева жана Курманбек Нарынбек уулу Александр Гумбольд атындагы Берлин университетинин магистранты Гереон Винтц жана Лейпциг университетинин студенти Неле Гаубнер менен жолугушту.

Борбор Азиядагы экологиялык көйгөйлөр тууралуу пикир алмашуудан кийин, Германиядан келген коноктор география багытында окуган  2-курс студенттери менен жолугушуп, азыркы күндөгү климаттын өзгөрүүсү жана биотүрдүлүк маселелерин талкуулашты. Студенттер бир канча кызыккан суроолорунаа жооп ала алышты.

Эскерте кетсек, Неле Гаубнер өндүрүштүк практика жана мобилдүүлүк үчүн биздин өлкөнү тандап алган. Ошол себептен 4-майга чейин край таануу жана экология институтунда практика өтөт. Андан сырткары ал факультеттин окумуштууларына кеӊеш алууга мүмкүнчүлүк сурап кайрылды.

(С) Байсеитова М.Р. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий