2024-жылдын 23-апрель күнү ректор Төлөбек Абдырахманов 15-17-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Чемпионатынын алкагында өткөрүлгөн оор атлетика боюнча мелдеште 1-орунду ээлеген Улуттук университеттин курама командасынын мүчөлөрүн жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.

Жолугушууну оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку жана Москва олимпиадасынын чемпиону, оор атлетика боюнча Улуттук университеттин курама командасынын машыктыруучусу Каныбек Осмоналиев ачып, команданын курамына кирген студенттерди тааныштырды жана алардын ийгиликтери тууралуу айтып берди. Олимпиада чемпиону оор атлетика боюнча КУУнун курама командасы тарыхта биринчи жолу “физкультура институтун” артта калтырып, жалпы командалык эсепте 1-орунду алганын зор шыктануу жана кубануу менен билдирди. – Анын себеби, – деп сөзүн улантты Каныбек Осмоналиев, – Улуттук университеттин жетекчилиги спортко жакшы көнүл бура баштады. Студенттерге жаңы формалар берилип, оор атлетика залында мыкты ремонт жасалды. “Эл аралык талаптарга туура келген биздин залдай Кыргызстанда башка оор атлетика залы жок” деп сыймыктануу менен айта алам. Ал үчүн ректоратка чоң ыраазычылык. Сиздер ушунтип көңүл бурсаңыздар, биздин балдар “подводить” этпейт.

Андан кийин Каныбек Осмоналиев ректорго курама команда утуп алган Кубокту тапшырды.

– Мунун баары ысык-суукка карабай машыгып, аракет кылган силердин эмгегиңер. Спорт – бул кыймыл. Каныбек агайдай машыгып, агай билгендин баарын үйрөнсөңөр – мындан да чоң ийгиликтерге жетишесиңер. Бул традиция муундан-муунга кете берсин. Биз болсо колубуздан келген жардамды беребиз. Студенттер, окутуучулар, жетекчилер – баарыбыз университеттин партиоту болушубуз керек. Ден соолукта болуп, Университеттин желегин мындан да бийик көтөрө бергиле, – деди Төлөбек Абдырахманов.

Белгилей кетсек, Чемпионаттын оор атлетика боюнча мелдешинде 1-орунду Улуттук университеттин оор атлеттери багындырса, 2-орунду Б.Т.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, ал эми 3-орунду И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин студенттери ээледи.

Оор атлетика боюнча КУУнун курама командасынын мүчөлөрү:

Добавить комментарий