2024-жылдын 16-апрелинде кыргыз-европа факультетинде улуу даанышман, ойчул, акын Жусуп Баласагындын 950 жылдык юбилейине карата ага окутуучу Ч. Эсентурова тарабынан уюштурулган “Ж.Баласагындын адабий мурасы” аттуу студенттик тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага факультет деканы Анара Камалова, илимий иштер боюнча декандын орун басары Юлия Дубова, “Бизнес жана башкаруу” программасынын жетекчиси Роза Сарыгулова, мамлекеттик тил департаментинин сектор башчысы Динара Мырзагулова, ага окутуучулар Н.Арапова, М.Чулуева жана 1 жана 3-курстардын студенттери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Ж.Баласагындын “Кут алчу билим” поэмасы жөнүндө викториналык суроолор берилип, видео-роликтер көрсөтүлүп, ырлар жана студенттердин илимий-практикалык мааниге ээ болгон баяндамалары окулду.

Иш чаранын максаты – элдин биримдигин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн улуу ойчулдун идеяларын жайылтуу, жаштардын илим-билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ар бир ыр саптарынын тарбиялык маанисин жашоо-турмушта колдоно билүү.

Тегерек столдун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

(С) Чынара Эсентурова – ага окутуучу

Добавить комментарий