2024-жылдын 16-апрель күнү Улуттук университеттин Нарын шаарындагы гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде ишке ашырылып жаткан 030503 «Укук таануу» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү программасын аккредитациялоо боюнча тышкы эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Отурумга онлайн режимде Кыргыз Республикасынын Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин (САРА) тышкы эксперттик комиссиясынын төрайымы, Кыргыз экономикалык университетинин экономика жана сервис колледжинин гуманитардык-укуктук дисциплиналар боюнча предметтик усулдук комплексинин окутуучусу Зарина Акматова, Кыргыз Республикасынын юстиция башкармалыгынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, комиссиянын мүчөсү Тилек Маатов, Нарын мамлекеттик университетинин «Тарых» багыты боюнча 1-курс студенти, комиссиянын мүчөсү Сулима Турдакунова, экономика илимдеринин доктору, профессор, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директору Бактыгүл Токсобаева, ф.и.к., доцент, Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директорунун орун басары Нургуля Эсенгулова, КУУнун окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов, окуу башкармалыгынын начальниги Алмазбек Кыдыралиев, КУУнун өкүлдөрү Лариса Курманалиева, Гүлнара Бузурманкулова, Надежда Храмцова, Айдана Шамил кызы жана Нарын шаарындагы ГТИФтин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын башында Сапатты аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинин директору Бактыгүл Токсобаева сөз сүйлөп, КУУнун Нарын шаарындагы факультети ага абдан жагымдуу таасир калтырганын, факультет жамааты студенттер, алардын ата-энелери жана социалдык өнөктөштөрү менен жакшы иштеп жаткандыгын белгилеп, ийгиликтерди каалады.

Тышкы эксперттик комиссиясынын төрайымы Зарина Акматова КУУнун Нарын шаарындагы гуманитардык жана табигый илимдер факультетинде ишке ашырылып жаткан 030503 «Укук таануу» адистиги боюнча орто кесиптик билим берүү программасына баа берүү боюнча түзүлгөн тышкы эксперттик комиссия өз ишин аяктаганын кабарлап, комиссия мүчөлөрү эки күн бою окуу жайдын бардык түзүмдөрүндө болуп, ал жердеги окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен жолугушканын, бардык документтер менен таанышканын билдирди жана факультеттеги ийгиликтер, жетишкендиктер менен катар айрым сунуштарын да айтты.

Жыйындын соңунда ал комиссия мүчөлөрү тарабынан Улуттук университеттин жогоруда айтылган билим берүү программасы 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоого сунушталганын жарыялады.

Окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов тышкы эксперттик комиссиясынын мүчөлөрүнө эки күн бою аткарган иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады жана айтылган сунуштардын баарын аткарууга аракет жасалаарын билдирди.

Добавить комментарий