2024-жылдын 17-мартында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусуповдун 5 томдук чыгармалар жыйнагынын батачарына арналган “Кеңеш Жусупов: Кыргыз маданияты жана адабияты” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чарада жазуучунун аңгеме, повесттери, эсселери, илимий-публицистикалык чыгармалары тууралуу илимий баяндамалар жасалып, кеңири сөз болду жана тарыхый булактарды ичине камтыган “Кыргыздар” сериясын чыгаруу – автордун тарых илимине жана кыргыз маданиятына кошкон опол тоодой салымы экендиги белгиленди.

Жыйынды КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктоо сөзү менен ачып, Кеңеш Жусуповго “КУУнун ардактуу профессору” деген наамдын дипломун тапшырды жана мантиясын кийгизди.

Андан кийин белгилүү коомдук ишмерлер А.Эркебаев, К.Иманалиев, Кыргыз эл акындары М.Ааматов, М.Мамазаирова, Т.Нурманбетов, журналист жана жазуучу Н.Капаров, КР жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов,  ф.и.д., профессор Ж.Бакашева ж.б. куттуктоо сөздөрүн айтышып, ф.и.д., профессор С.Алахан, доцент Б.Баймырзаев, ф.и.к., доцент С.Исаева, ф.и.к. Б.Өмүров, ага окутуучу М.Сатыбеков ж.б. илимий баяндама жасашты.

Конференциянын соңунда резолюция кабыл алынып, анда Кеңеш Жусуповдун кыргыз адабиятына жана маданиятына сиңирген эмгегин бааланды жана Кыргызстандын эң жогорку сыйлыгы – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына сунуш кылынды.

(С) Исаева Сайра – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, ф.и.к.

Добавить комментарий