2024-жылдын 25-апрель күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кытай Эл Республикасынан чыккан атактуу окумуштуу, дүйнөлүк деңгээлдеги манас таануучу, фольклорист, котормочу, турколог, адабиятчы, бир тууган боордошубуз Адыл Жуматурдунун 60 жашка толушуна арналган “Жунгөдөн чыккан атактуу окумуштуу” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан жыйынды ачып, манас таануучу Адыл Жуматурду тууралуу видео-баян көрсөтүлгөн соң, кытайлык окумуштууну 60 жаш торколуу тою менен КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов куттуктап, Окумуштуулар кеңешинин 9-апрелдеги чечими менен Адыл Жуматурду мырзага “КУУнун ардактуу доктору” наамы ыйгарылганын билдирди жана аталган наамдын дипломун тапшырып, ардактуу доктордун мантиясын кийгизди.

Кытайлык окумуштуу Манасты изилдөө менен ушундай элдин сыйына, атак-даңкка бөлөнөм деп ойлобогонун, Кыргыз мамлекетинин эң жогорку университетинин ардактуу доктору деген наамды алганына аябай кубанып, толкунданып турганын, 60ка чыкса да Манастын туусун бийик көтөрүп, Манас эпосун дүйнөгө таанытуу үчүн колунан келишинче эмгектене берээрин билдирди.

Адыл Жуматурдуну мааракеси менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова,  Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев, ТүркСОЙдун башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев (онлайн), УИАнын академиги Аблабек Асанкановдун шакирти Тыныстан Арзыбаев, профессор Тынчтыкбек Чоротегин (онлайн) ж.б. куттукташты.

Андан кийин конференциянын темасы боюнча төмөндөгү баяндамалар окулду:

  • С.Т.Кайыпов – т.и.д., профессор: “Дүйнөлүк фольклористиканын жетишкендиктерин Кытайда тааныткан окумуштуу”;
  • К.Ж.Садыков – КУУнун ректорунун кеңешчиси: “Тан доорундагы окуялардын “Манас” эпосунда чагылдырылышы”;
  • Лян Чжэньхуэй – профессор: “Залкар манасчы Жусуп Мамай” китебинин илимий баалуупугу”;
  • Лю Хуэйин – PhD: “Академический вклад Адыл Жуматурду в манасоведение Китая”;
  • Дабыт Абдылбары – PhD: “Адыл Жуматурду – котормочу”.

Жыйындын соңунда Кытайдан чыккан атактуу окумуштуу, дүйнөлүк деңгээлдеги манас таануучу, фольклорист, котормочу, турколог, адабиятчы Адыл Жуматурду сөз сүйлөп, иш чараны уюштурган КУУнун жетекчилерине, куттук айткан улуу-кичүү окумуштууларга ыраазычылык билдирип, Улуттук университеттин китепканасына өзү жазган китептердин топтомун тапшырды. Ал китептер кытай тилине которулган Чыңгыз Айтматовдун, Мар Байжиевдин, Султан Раевдин чыгармаларын, кыргыз акындарынын анталогиясын жана “Дүйнөлүк Манас окуулугун” камтыйт.

Добавить комментарий