Урматтуу кесиптештер!

Куттуу окуу жайыбыз дагы бир белдүү окумуштуусунан ажырап калды. Педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан менен Казакстандын бир катар Диссертациялык кеңештеринин мүчөсү, факультеттер аралык орус тили кафедрасынын башчысы, таанымал илимпоз Ахметова Нурлана Алымкуловна көз жумду.

Бүт өмүрүн педагогикалык ишке, университетибиздин эл аралык кадыр-баркынын өсүшүнө жумшаган Нурлана Алымкуловна ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүкка сакталат.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Жараткан бейишинен жай берсин, ылайым.

Добавить комментарий