Вторник, Февраля 18, 2020

"Мен журналист болгум келет!" эссе сынагы

Урматтуу абитуриенттер!

Эгерде сиздер келечектеги кесибиңерди тандоодо кыйналып, дагы деле ойлонуп жүрсөңүз, Сиз үчүн жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду!

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети Сизди “Мен журналист болгум келет” деген темадагы эссе сынагына катышууга чакырат! Сынакка катышуу сизге өзүнүздүн күчүңүздү байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сынак өзүнүн оюн так чагылдырып бере алган, тандап алган темасын жазууда ачып бере алган таланттуу абитуриенттерди табуу максатында өткөрүлөт.  Бул чыгармачылык сынак абитуриенттер үчүн келечектеги кесибин тандоодо чоң мааниге ээ.

Конкурстун шарты тиркемеде көрсөтүлгөн.