Воскресенье, Мая 26, 2019
kg_m RU

КУУда аймактарды өнүктүрүүнүн келечегине арналган ИПК болуп өттү

Улуттук университетте "ИнтерБилим" маалыматтык-ресуртук залы ачылды

Баласагын ТВ - Жаңылыктар

Чет тилдер факультети университеттер аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү

00

2019-жылдын 19-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында чет тилдер факультети тарабынан уюштурулган “Маданияттар аралык баарлашуу жана прагмалингвистиканын актуалдуу маселелери” аттуу кезектеги 12-университеттер аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чараны окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров ачып, маданияттар аралык байланыштар жана тилдин актуалдуу маселелери туурасында кеңири токтолуп, мындай илимий-практикалык конференциялар илимпоздор жана жаш окумуштуулар үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу экендигин белгиледи.

Жогорку Кенештин экс-спикери Кубанычбек Исабеков, Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Иря Берг айым, Германия академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) маалымат борборунун жетекчиси Катя Тевс айым, ТТЕОМЕР түрк тилин үйрөтүү борборунун директору Ахмет Гозубол мырза, АКШ элчилигинин өкүлү Гулзат Кочорбаева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Мундузбек Абдыжапаров жана экономика  факультетинин деканы Эркин Кулова азыркы заманбап жашоодо чет тилдерди билүү менен гана чектелбестен, илим аркылуу жаңы табылгалардын үстүндө изилдөө иштерин жүргүзүү, о.э. заманыбызда болуп жаткан тилге байланыштуу актуалдуу маселелерге токтолушту.

Андан кийин, КРСУнун профессору Тагаев М.Ж. “Русский язык в образовательном пространстве  и массовом сознании Кыргызстана”,  КУУнун чет тилдер факультетинин деканы Кадырбекова П.К. ”Актуальные проблемы прагмалингвистики и межкультурной коммуникации” аттуу докладдарды окушту.

Окумуштуулардын ары кызыктуу, ары таасирдүү докладдарынан кийин факультет студенттери чакан концерттик программа көрсөтүшүп, кыргызча, англисче, немисче, французча ырларды ырдап, түрк жана байыркы кыргыз бийин бийлеп, көрүүчүлөргө жарык маанай жана кубаныч тартуулашты.

Тыныгуудан кийин, конференциянын иши 4 секцияда уланды:

  • 1-секция: “Когнитивдик жана салыштырма лингвистика”;
  • 2-секция: “Лингвокультурология жана маданияттар аралык баарлашуу”;
  • 3-секция: “Чет тилдерин үйрөтүүдө окутуунун методикасы”;
  • 4-секция: “Котормо жана котормо таануунун маселелери”.

Конференциянын жабылыш аземинде катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, мыкты доклад ээлери ардак грамоталарга ээ болушту. 

Конференциянын сонунда резолюция абыл алынды.

logo ytИш чарадан видео-репортаж (Баласагын ТВ)

02

04

07

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

42

43

44

46

48

50

52

54

56

60

press knu 2019 00

Элебесова Бурул  - факультеттин ага окутуучусу 

* * *

Илим жөнүндө поэма

(үзүндү)

Кой үстүнө торгойлор

жумурткалап калды эле,

ак төөнүн карды жарылып,

алтын заман болду эле.

коомду алга үндөгөн,

«Коммунизм» доору эле.

80-чи жылдары,

«Кайра куруу» башталган.

Горбачевдун заманы

алга кадам таштаган,

кулач жайып кеңири,

бүт дүйнөнү каптаган

Германия өлкөсү,

булар да тынч жатпаган.

Америка башкарган

Бүтүн элди как жарган

элге жеткен убалы,

Берлиндеги дубалы

бекемине карабай,

белчесинен кулады.

узунуна карабай,

устундары сулады,

бийигине карабай,

бириндеди, урады.

“Демократия» деп алар

эң биринчи баштаган,

демократия дегениң,

кан төгүлбөй арада

тынчтыкты бекем сактаган.

Горбачевдун ысымын

дүйнө эли жаттаган.

Кыргызстан да кайрадан

жаралууну эңсеген.

Эгемендүү мамлекет

болооруну эңсеген.

Эзелтеги каганат

Эске түшүп элимдин

байыркы бир каганат

байыр алды көңүлдөн,

Тарыхтын бир жылында

тагыраагын айтканда

9-чу кылымда,

Кыргызымдын бийлиги

кыйла жерди ээлеген.

Кыргыз деген этносу

кыйла жерди жердеген.

Барсбек болуп Баш каган,

Бүт кыргызды башкарган.

Айтсак эми кеңири,

Мухаммед Кыргыз (Тагай бий)

Кыргыздын болгон Эмири,

болуп кыргыз каганы,

каалаганын болтурган.

Бириктирип кыргызды

тарыхта из калтырган.

Каалаган ошол мезгилде,

Аты: “Кыргыз Улусу”

“Кыргыз” аттуу уруусу

Теңир Тоодо турушун.

Болгон кыргыз ариби

рун жазмада алфавит.

Мазар, бейит, көрүстөн

жазылган го баары бүт.

Аны баары көрүшкөн.

окумуштуу аалымдар

ага көңүл бөлүшкөн.

Болгон экен жыл санак

аны эми ким танат?

Жыл санагы календарь

жылдыз менен барабар.

Бизге болсо айтышкан:

“Кыргыз эли жазууга

кийин гана жетишкен».

Улуу Октябрь төңкөрүш

бардыгына ээ кылган,

Кыргыз эли алдыга

кыбырабай, тез жылган.

Эми кыргыз ойлонот:

«Кайра куруу заманда

«Кыргыз» аттуу каганат

кантип кайра жаралат?»

Болуп анан өзүнчө

эгемендүү мамлекет.

Бир кудайдан башкага

башын такыр ийбеди.

Бир алладан башканы

көзүнө да илбеди.....

* * *

90-чу жылдары

Горбачевдун заманы

өтүп бара жатты эле

өзү менен биргелеп,

кетип бара жатты эле.

Эсил кайран СССР

Эстен кеткис мамлекет

кулаарына аз калган.

«Жаңы заман» дегениң

болооруна аз калган

Ельцин болуп жол башчы,

митингдерди баштаган.

«Спортивная» метрого

чогулуп элдер батпаган…

Үйдө калбай баарысы,

жашы менен карысы

үйүндө тынч жатпаган.

элден калбай биз дагы,

барып калдык ал жакка,

жаны заман үндөгөн

алга сүрөп чыкканы

анын сөзүн укканы...

* * *

Жазайын баштап ырымды,

айтайын эми сырымды.

XX-чы кылымдын

80- чи жылдары

жөнөп калдым окууга

элден калбай мен  дагы.

* * *

СССР дин борбору

мегаполис чоң Москва.

Илиндик деп окууга

сүйүнүчтөр каптаган

эмне үчүн дегенде

жарыш сүрдүү, конкурс чоң,

даярдансаң болот оң.

ат салышып майданда

келдик  эми марага.

илиндик деп эми биз,

илимий иш чарага.

 * * *

Илимий иш башталган…

Жатакана жок болуп

кыйынчылык коштолгон.

бир батирден бирине

көчө берип тажадык,

алмаштырдык канчасын,

айтып берем, бул анык.

* * *

Ошол XX-чы кылымдын

80-чи жылдары.

илимге болгон мамиле

«куду  динге сыйынуу»

окшош эле экөөсү

бир-биринен калышпай.

Кайсы экен кыйыны?...

Таң кулан-өөк турабыз,

китепкана барганы

орун алыш үчүн биз

кезектерге турганы.

Эшикте, сыртта турабыз

Ленин китепканасы

“метро Ленин” станция.

Ошол жерден кезектер,

чыгаар менен башталган.

Кар белчеден кечебиз,

тура бермей жадабай.

көк муштум болуп калганча

анан саатыбызды карамай.

орун калбайт кеч барсак.

Калат экен кеч турган

ырыскыдан кур жалак.

деп өзүмдү сооротмой

«Өх!» деп орун тапканда,

кечке чейин ээлемей.

Орунду бере коймокпу

бирөө-жарым ээлесе

ордубуздан турмай жок,

алып коет эмесе.

башкага көңүл бурмай жок

кечке китеп буюртма

далай заказ кылабыз

ал антпесек кантип биз

алга көздөй жылабыз?

Ленин китепканасы

залдын аты номур «5»

номур «1» ди ээлешет

окумуштуу -  кесиптеш.

Кайда аларга тең келмей!

окуйлучу  оболу,

изденүүчү бололу.

андан кийин тепкичтен

чыгалычы жогору.

Китепкана жабылат

үч  шыңгырык берген сон

ал ансайын берилип.

китептерге үңүлмөй.

3 шыңгырык бүткөн сон

болуп элдин акыры

үйдү көздөй жөнөмөй.

Кайтып келем кечинде

жатаканам турган жер.

Бир орус кыз отурат

жазуусуна үңүлүп

суроо салдым ага мен:

үстөлүм менин бош эле

неге  аш үстөлгө окуйсуң

аяктан сен түңүлүп ?

Ал мага жооп кайтарат:

сени айтышты: «келгенде,

иш үстөлүнө отурат

түн бир оокум болгончо.

Жазат илим иштерин.

көңүлүнө толгончо».

Санаам санга бөлүндү.

айтса айтпаса төгүнбү?

ошондой болчу аныгы.

курбу кызы жебиреп,

айткан го сөздүн чыныгын.

“Алтын сырга кулакка!

«Сен мынча китеп үңүлбө,

аспирантура дегениң

жөнөкөй эле жашоо» деп,

бир көйнөктү мурда  жырткан

эртеси келет курдашым.

Ага айтышкан шекилди

нак «Гестапонун» режимин

түзүп алды жердешиң»

булат мага бекилди.

Башкалардай сыяктуу

билбей эле муң -кайгы

окубайбы жердешиң

Убакыт деген учкан куш

билбейт  го кайтып келбесин.

«Неге мынча өзүңдү

кыйнайсың дейм  мекендеш?

деп мага суроо салганы

«Туура эмес, курбум мындай деш»

жооп кайтарам ага мен:

«ак -караны балдарым,

ажырата элек кез эле.

окуумду бүтүп аларга

барайын деймин тез эле.

Үйдө күтөт аларым,

кичинеси, чоңу да

апам качан келет деп,

карайт алар жолумду».

кетейин десем бардыгы

кое бербейт колумду.

Бишкектен кайра кайтаарда,

ортончу уулум - Заирим

Аэропортко жибербей

ыйлап жерге жатып алганы,

алдап-соолап коштошуп,

кайта жөнөп калганым.

шарт бурулуп басаарда

бутума чап жабышты.

Кетейин деп кете албай

Олку-солку болгонум,

айтар сөздү бүтө албай

уйгу -туйгу ойлорум.

Пессимизм кармады:

кереги эмне коргоонун?

Алдап- соолап сооротуп

(жерде жаткан боюнча)

басылды эми дегенде.

шарт бурула берээрде.

бутка кайра жармашты.

дүйнөм кетти куурулуп,

көзүмдөн жаш куюлуп.

Төрт жаштагы ортончум

сооронбоду дегэле,

мени ала кетчи дейт

“тоскоол болбойм эч эле”.

Айланайын жан балам,

боор эт менен тең балам,

кагылайын садагам.

Тез арада келем деп

ички дүйнөм козголуп,

куса менен коштолуп,

жөнөп калдым мен анан.

* * *

Чоң Москва калаага….

кайтып келдим «балаага»

ал кезде ал болуучу,

так Вашингтон сыяктуу.

Ломоносов ЖОЖ болсо,

Нак Гарварддын өзүндөй.

Келип алып бөлмөмө

ыйлап бугум чыгармай:

неге  келем бул жерге

балдарымды карабай,

келип калдым тез эле,

сагынычым тарабай.

Кой дейм,эми турайын.

Көңүлүмдү илимге,

кайра баштан бурайын.

Москва Мамлекеттик

«Ломоносов Универ»

стажировка деген бар:

Аспирантурага киргенге!

кыйын экен билгенге.

Ал жерден окуп такшалмай

илимий  иш аткармай

анан сынак текшерүү

кандидаттык экзамен

тапшырамын аны мен.

“Философия” сынагы,

ой жүгүртүү боюнча,

таатал менин оюмча.

“Адистиктен” сынакты

бүтөөрдө берүү шарт экен,

тапшыруу бизге парз экен.

Кийинкиси “чет тили”.

Гумбольдт агам айткандай

чет тилдерди билгениң

өзгөртөт дүйнө таанымың

чет тилдерди үйрөнүү

“түшүнүү башка аалымын”

деп бекеринен айтпаган.

Канча бөлөк тил билген

ошончо ал адамбы?

ойлорун ал курчутуп,

алга таштайт кадамды.

Билдиресиң тил менен

жан дүйнөңдү сезимди.

окуш керек тилдерди

оболу жаш кезиңде.

Жылдар акты токтобой,

мезгил учту закымдап.

Келип калды тез эле,

коргоо күнү жакындап.

Ал ансайын жүрөгүм

алып учат лакылдап.

* * *

Уйку көрбөй мен эми,

таң атканча үнүлмөй,

машинкага колдогу.

Жети аркар жылдыз толгончо,

жети саат бою отурам.

Алты аркар жылдыз толгончо,

алты саат бою отурам.

Таң супа садык чалганча,

түнү бою отурам.

таң кулан өөк болгондо,

күнү бою отурам.

Же суукту сезбейсиң

же ысыкты сезбейсиң.

Же тогуңду билбейсиң

же ачыңды билбейсиң...

 * * *

Айлап-жылдап тыным жок.

Москвааттуу машинка

макаланын нечени,

чогулуп баары терилди.

басууга анан берилди.

Кирпик какпай нечен түн,

Күнү- түнү иштемей,

эс алууну унутуп,

жанды оозума  тиштемей.

Аёо сезим өзүмө,

кымындай да болбоду.

Илимди терең изилдөө

мени оюма койбоду

иштерим чыгып оңунан

кудайым мени колдоду.

Диссертация өзөгү

жазылып эми бүттү окшойт,

изилдөөнүн баардыгы,

коргоого негиз түздү окшойт.

Диссертациям коргоо-иш

куду экинчи баламдай.

Диссертация коргоо кун

келди мына жакындап,

ал ансайын жүрөгүм,

согот күчөп лакылдап.

* * *

«Предзащитный синдром» деп

айтпаса керек бекерден

даярданып күнү-түн

чыпылдайт тер чекемден

* * *

1991 жыл ортосу

апрель болуп калды эми.

Москва университетинде

Илимий иш башкарган,

кара кылды как жарган

диссертация кеңеши

коргоо күнгө келди эми.

Чоң жыйындар залында

отурушат чогулуп.

Ал аңгыча төрайым

сөз баштады чоюлуп.

«Документтин баарына

болгонбу колдор коюлуп?»

Жактоого сөздү берди эми

“15 минут убакыт

ашырбайсыз андан” дейт

изилдөөңүз чындыгын,

жашырбайсыз мында” дейт.

Жооп берип бүткөндө,

суроолор жаады жамгырдай.

Кудай бетин салбасын,

жүрөгүм болду калбырдай.

келет ар бир мүчөнүн

суроого жооп алгысы,

суроо бербей эч кими

калбайт такыр калгысы.

Ыраазы болсо“рахмат” дейт,

болбосо түшөт талашка.

Сурайт эми төрайым:

“кимде суроо бар башка?”

деп эсти дагы оодартат.

тез эле бүтсө экен деп,

жаным болсо жер тартат.

Суроолору алардын

жебелер менен октолду,

терең ой менен коштолду.

таамай тийип жебелер,

талуу жерди  козгоду.

Жооп берилди баарына,

катары менен талыкпай,

чарчабай да чаалыкпай.....

Дисскеңештик мүчөлөр,

ыраазы болгон окшоду.

Андан кийин суроолор,

кан буугандай токтоду.

Орун алып олтурдум.

жан-дүйнөмдү эми мен

кубанычка толтурдум.

Бир добуштан бардыгы

колдоп берди ишимди.

ишенбестен ойлоном,

“өңүмбү же түшүмбү?”

Андан кийин жетекчим

козголду эми ордунан

сөздү алыстан баштады:

«Коргоп жаткан айымдын

беш баласы бар деди,

баарын үйгө калтырып,

илимге болду “зар” деди.

Муну уккан төрайым

жетине албай жылмайды:

«Жашайсың эми коргоочу

жашоодо билбей муң-кайгы».

“Таман акы, маңдай тер,

акталды эми бүгүн” - дейт

“жаңы турмуш жолдоруң,

башталды эми бүгүн” - дейт.

Акыркы сөзүң айта кой,

коргоо бүттү жаш айым,

Эми балдарыңа кайта гой!

Чын эле эми жашайын

турмуштун татып рахатын......

Чон Москва шаарында

“Сокольники” метросу,

Бабаевская 3а көчөсү.

Жатаканада баардыгы

отурушаткүтүшүп,

белгилейли дейт алар,

коргоо иштин бүтүшүн.

* * *

Эртеси күнү Бишкекке,

куш тилиндей кат кетти:

«Успешно защитилась!» деп

телеграмма бат жетти.

Эки ооз сөз жетти эми,

кайгы капа кетти эми.

Бул күндү көптөн эңсеген

кыйноо турмуш бүттү эми.

киндик каным тамган жер

мекениме жол тарттым,

балдарым  көпкө күтт үэми...

 

Кадырбекова П.К.

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 383 гостей онлайн
Баннер
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:01
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, которулса болот. Ал үчүн адегенде 1-курстун контрагын төлөп, андан ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:21
    Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар 27-августтан 27-сентябрга чейин ишке ашырылат.

    Подробнее...

     
  • Аид 27.12.2017 00:35
    Саламатсызбы! R.knu.kg сайты иштебей жатат. Экзаменден канча баа алганымды билбей жатам. Логин парольуму ...

    Подробнее...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:09
    1) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, кайра ордуна келүүгө болот, 27-сентябрга чейин. 2) Ал үчүн адегенде ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 27.08.2018 10:26
    1-сентябрда эле келесиз. 1) Мүмкүн 2) Окуу бөлүмүнөн билдиришкендей, КУУдагы бардык которуулар ...

    Подробнее...

     
  • Модератор 26.01.2018 13:17
    9-бүтүп КУУнун колледждерине гана тапшыра аласыз. Факультеттерге тапшыруу үчүн аттестат керек. Эгер ...

    Подробнее...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Модератор 04.09.2018 09:21
    Билим тууралуу документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнө кайрыласыз. Тел.: 32-20-74, 61-45-04 Окуу ...

    Подробнее...

     
  • ОПВДОО 04.01.2018 10:34
    Маалымат алуу учун, КУУнун пландоо болуму менен байланышыныздар

    Подробнее...

     
  • aman 19.12.2017 20:13
    Физика жана электроника факультетинде 4 - курста билим алып жатам. Ююджеттик орунда. Мен контрактын ордун ...

    Подробнее...

Пикирлер жана сунуштар

  • Student 07.04.2018 18:22
    Урматтуу ректор бул айтылгандын баары чындык. Булардын баарын оз козунуз менен коруп, студенттердин ...

    Подробнее...

     
  • Айзада 07.04.2018 17:09
    Здравствуйте Канат Жалилович и Урмат Олжобекович я студентка ФИЯ 3-Курс...Как всем известно 3- корпус ...

    Подробнее...

     
  • Гулкайыр 28.03.2018 17:38
    Саламатсыздарбы !!! мен КУУ нун Чет тилдер факультетинде 3 корпуста окуйм. Биз контракт төлөйбүз ...

    Подробнее...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер