КУУда академик Б.М.Юнусалиевге арналган илимий конференция болуп өттү
2017-жылдын 19-декабрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында_көрүнүктүү тилчи-окумуштуу,_түрколог, лексиколог, диалектолог жана коомдук ишмер, КУУнун 1954-1960-жылдардагы ректору, академик Болот Мураталиевич Юнусалиевдин жаркын элесине жана мурасына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. _КУУнун 85_жылдыгына карата өткөрүлгөн жыйынга көрүнүктүү тилчи-окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышты.
КУУнун ректору Канат Садыков "конференциянын астында кыргыз филологиясы факультетинде "Болот Юнусалиев атындагы тил кабинети" ачылганын, анын урпактары 54 папкага салынган улуу окумуштуунун кол жазмаларын, басмадан чыккан жана чыкпай калган илимий-педагогикалык мурасын, ар тармактуу изилдөөлөрүн аталган кабинетке салым катары өткөрүп бергенин билдирди. - Бул мурас - биз үчүн чоң жаңылык, биз ага_абдан кубанычтабыз!, - деп сөзүн улантты КУУнун ректору. Ал о.э. "Болот Юнусалиев атындагы тил кабинетин" ачууга демөөрчү катары салым кошкон,_курулуш тармагында эмгектенген кыргызстандык патриот бизнесмендерге да ыраазычылык билдирип, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.
Болот Юнусалиев тууралуу кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан даярдалган видео-фильм көрсөтүлгөн соң,_минбарга УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев,_КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор Н.Ишекеев,_Кемин районунун Кичи-Кемин айылындагы академик Б.М.Юнусалиев атындагы орто мектептин директору А.Ногойбаева чыгып, жыйындын катышуучуларына_куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Академик А.Акматалиевдин айтымында, "чындыгында улуу окумуштуу Юнусалиев Болот Мураталиевич эмес, Мураталиев Болот Жунушалиевич болмок, анткени чон атасы Мураталы болгон экен. "Менин оюмча, кандайдыр бир символикалуу жактан агай өзү ушинтип жасап койсо керек", - деди Тил жана адабият институтунун директору,
Андан кийин сөз кезеги илимий баяндамачыларга берилип, төмөндөгү докладдар окулду:
- С.Ж.Мусаев - УИАнын корр.-мүчөсү, ф.и.д., профессор: "Б.М.Юнусалиев жана “Манас” боюнча 1952-жылы өткөн илимий конференция”
- А.Биялиев - ф.и.к.,_КУУнун ардактуу профессору:_“Академик Б.М.Юнусалиевди эскерүү”
- К.Т.Токтоналиев - ф.и.д., профессор: "Б.М.Юнусалиев универсал окумуштуу”
- Т.Тургуналиев - И.Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу институтунун директору:_“Б.М.Юнусалиев - Манас таануу илиминин_негиздөөчүлөрүнүн залкары”
- И.Абдувалиев - ф.и.д., профессор: "Академик_Б.М.Юнусалиев Молдо Кылычтын кол жазмалары тууралуу”.
С.Мусаев өз сөзүндө 1952-жылы болуп өткөн “Манас” боюнча_илимий конференцияда "Манас эпосу элдикпи же элдик эмеспи?" деген_суроо коюлуп, анын айланасында кызуу талаш-тартыш болгонун, Манасты коргоп калууда Мухтар Ауэзов эмес, Болот Юнусалиев зор салым кошкондугун белгиледи.
Т.Тургуналиев да С.Мусаевдин сөзүнө кошулуу менен, Б.М.Юнусалиевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам ыйгаруу боюнча Президентке кайрылуу жасоо керектиги жөнүндө сунуш киргизди.
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
- Ду кай 21.04.2022 14:37
-
Жаркынай
30.03.2022 11:54
Здравствуйте, я хочу поступить после мед.колледжа, нужен ли ОРТ? Если нужен доп.предметы какие нужно ...
-
Айжан
15.02.2022 09:31
Саламатсыздарбы ! Мен 2015 жылы отчисление болуп кеткем, атестатым калып кеткен. Азыр алып кетсем ...
Студенттердин ?-лору
-
Сауле
04.04.2022 00:52
Саламатсызбы, мен 11 класс мын, ОРТ проходной бал га жетпей калса , тапшырсам болобу , выход барбы?
-
Назира
04.03.2022 14:48
Саламатсызбы, осенний семестрдин стипендиясы качан тушот? Уже март келди.
-
Албина
31.01.2022 12:31
2 курстан социалдык жана гуманитардык факультетке которулса болобу?
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Каримов Нурбакыт
12.11.2021 09:12
Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...
-
Umut Almazbekova
28.07.2021 10:30
Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...
-
Бегай
11.07.2021 11:33
Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта
Толугу менен...