Воскресенье, Августа 25, 2019

Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

2018-жылдын 1-ноябрында Кыргыз филологиясы факультетинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Айтматов ааламына саякат" аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Факультеттин жаштар комитети менен илимий китепканасынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш чарага 1-3 курстардан тандалып алынган 5 тайпа катышып, жыйынтыгында төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:

  • 1-орун - "Дүйшөндүн изи менен" тайпасы
  • 2 - орун - "Аалам" 
  • 3 - орун - "Ак кеме". 

"Ак жаан" жана "Кызыл алма" тайпалары да оюнга активдүү катышты.

Жеңишке жеткен командаларды факультет деканы Б.А.Жайлообаев менен "Кыргыз адабияты" кафедрасынын башчысы К.Абакиров улуу жазуучунун китептери жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлашты. 

01

02

03

04

05

06

07

press knu 2018 000