Шаршемби, Апрель 14, 2021

КУУдагы соңку жаңылыктар

Журналистика факультетинин студенттери менен магистранттары эл аралык сыйлыкка татыктуу болушту

00Журналистика факультетинин студенттери менен магистранттары аль-Фараби атындагы КазУУ тарабынан "Жаңы медиа ХХI кылымдын ландшафты" аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында уюштурулган эл аралык сынакка катышып, Токтобек уулу Эрлан менен Сапарбаев Жакшылык «"Баласагын ТВ" пандемия учурунда» аттуу документалдык фильми үчүн, ал эми Жылдызбек кызы Айпери 01.10.2020 күнкү "Жумалык" жаңылыктар чыгарылышы үчүн "Мыкты телесюжет" номинациясы боюнча 2-даражадагы дипломго татыктуу болушту.

 

Ден соолук борборунун врачтары КФФ студенттерине лекция өтүштү

00

2021-жылдын 5-мартында КУУнун ден соолук борборунун башчысы Замира Мамбетова баштаган врачтар кыргыз филологиясы факультетине келишип, студенттерге лекция окуп беришти. Жыйында врач-гинеколог Зарема Абдыкеримова  ВИЧ/СПИД, врач-лор Анархан Токтогулова коронавирус, туберкулёз тууралуу терең маалымат беришип, студенттердин ар кандай суроолоруна жооп беришти. 

 

Профессор В.С.Акматова Грузиядагы эл аралык симпозиумга катышты

00

Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору, ф.и.д. В. С. Акматова 2021-жылдын 27-февралында Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өткөрүлгөн “Межкультурные отношения в современном мире” аттуу XI Эл аралык симпозиумга катышып, «Магжан Жумабаевдин поэзиясындагы «от» жана «теӊир» түшүнүктөрүнүн чагылдырылышы» деген темада илимий доклад жасады.

 

КУУнун окутуучусу Бакыт Кадыров кармаш-уруш боюнча Европанын вице-чемпиону аталды

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров кармаш-уруш боюнча 2021-жылдын 19-22 февралында Белоруссиянын Брест шаарында болуп өткөң Европанын Ачык чемпионатында 85 кг салмакта II-орунга ээ болуп, күмүш медалдын ээси болду. КУУнун жамааты Бакыт мырзаны бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук жеңиштерди каалайт.

 

Жакшылык кызы Асел №7-студенттик жатакананын коменданты болуп дайындалды

00Буга чейин коомчулук менен байланышуу жана жаштар иштери боюнча департаментиде жаштар иштери боюнча координатор болуп иштеген Жакшылык кызы Асел Улуттук университеттин №7-студенттик жатаканасына комендант болуп дайындалды. 2021-жылдын 2-март күнү КУУнун студенттик жатаканаларынын башчысы Бексултан Шабданов жаңы дайындалган жетекчини жатакананын эмгек жамааты менен тааныштырды.

 

Профессор К.Т.Жаманкулованын эмгеги Европа китеп көргөзмөлөрүндө алтын медалга татыктуу болду

0

Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору К.Т.Жаманкулованын “История кыргызов и кыргызской письменности (с древнейших времен до X века нашей эры)” (2014);  “Древний кыргызский язык (Семасиография, фонография)” (2016); “Цивилизация народов алтайского происхождения” (2018); “Эпоха М.Кашкарского и трансформационные формы глагола” (2011); “Синтаксис современного кыргызского языка” (2014) деген китептери 2020-жылдын 27-29-октябрында Испаниянын Барселона шаарында болуп өткөн ири мультимедиялык виртуалдык китеп-көргөзмөгө катышып, тизмедеги биринчи эмгеги көргөзмөнүн “Алтын мадалына”  татыктуу болду жана китептеринин аннотациялары “Каталогго” жарыяланды.   

 

Педфактын ага окутуучусу Асылгүл Жуматаева Франциядагы эл аралык коференцияга катышты

00Педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынынага окутуучусу Асылгул Жуматаева Франциядагы Париж эл аралык социалдык илимдер конференциясына катышып, анын секциялык жыйынында “Азыркы учурда кыргыз коомундагы муундар аралык мамиле” темасындагы илимий баяндама жасады. Иш чарага катышкан Франция, Турция, Пакистан, Украина, Азербайжан, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдүн докторлору, доценттери жана аспиранттары баяндамаларын жасашып, кызуу талкуу жүрдү.

 

КУУнун доценти Алтынай Юсупова Индиядагы эл аралык коференцияда баяндама жасады

00Педагогика факультетинин мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын доценти Алтынай Юсупова Индиянын Нью-Дели шаарында уюштурулган “Власть, (Не) равенство и культуры сопротивления-междисциплинарной подход к гуманитарным и социальным наукам” аттуу онлайн эл аралык илимий конференцияга катышып, иш чаранын пленардык жыйынында“Трудности в обучении русскому языку студентов-иностранцев” деген илимий баяндаманы англис тилинде жасады.

 

Педагогика факультетинин окутуучулары "Окуу керемет" долбооруна катышууда

00Педагогика факультетинин МЧМПжББТ кафедрасынын профессордук-окутуучу курамы Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин “Окуу керемет” долбооруна катышып баштады. 2021-2024-жылдары ишке ашырылуучу долбоордун артыкчылыгы - башталгыч билим берүү системасын бекемдөө, окутуунун формалдуу жана формалдуу чөйрөсүн жакшыртуу. Республика боюнча 75% мектеп бул долбоор менен иш алып барып, башталгыч класстардын мугалимдери квалификациясын жогорулатуудан өтүп жатышат.

 

Улуттук университет Кусейин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган акцияда сыйлыкка ээ болду

00

КР Перезидентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2020-жылдын декабрынын соңунда атактуу аалым Кусейин Карасаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына карата билим берүү мекемелеринин арасында эки айлык акция баштаган болчу. Жобого ылайык, бул эки айлыктын жүрүшүндө даанышман аалымдын өмүр жолун, илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн атайын окууларда, тегерек үстөлдөрдө, илимий конференцияларда кеңири жана ар тараптуу чагылдырып берүү каралган болчу.

 

Педагогика факультетинде "Тил аркылуу дүйнө таануу" аттуу эл аралык вебинар өткөрүлдү

00

2021-жылдын 25-февралында 6А-окуу имаратынын 212-дарсканасында педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын чет тил боюнча окутуучулары Эне тилдин эл аралык күнүнө карата «Кыргызстандагы окутуу системасындагы көп тилдүүлүк: Тил аркылуу дүйнө таануу» аттуу эл аралык онлайн жана офлайн вебинар өткөрүштү. Иш чарага Кыргызстан, Казакстан, Иран, Италия, Швейцария жана Сингапурдан ЖОЖ окутуучулары, мектеп мугалимдери, студенттери катышып, өз тажрыйбалары менен бөлуштү жана көп пайдалуу маалыматтарды алышты.

 

Проректор Садык Алахан атактуу окумуштуу, академик Апас Бакирович Бакировду куттуктады

0

2021-жылдын 24-февраль күнү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) атактуу окумуштуу, академик Апас Бакирович Бакировдун илимий ишмердүүлүгүнө арналып Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышты. Иш чарага КР УИАнын президенти, институттардын директорлору, ЖОЖдордун жетекчилери, илимий коомчулук катышты.

 

Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору Сыдыков Назир 65 жашта!

00Урматтуу Назир Сыдыкович! Кыргыз филологиясы факультетинин жалпы жамааты Сизди 65 жаш торколуу тоюңуз менен чын жүрөктөн куттуктап, Сизге узак өмүр, чың ден соолук, бактылуу карылык каалайт. Сиз Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин, эмгек жолуңузду 1978-1983-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде кызматкер болуп баштап, 1987-1988-жылдары УИАда илимий кызматкер, 1988-1992-жылдары Кыргыз педагогикалык илимий-изилдөө институтунда ага илимий кызматкер, 1992-1994-жылдары «Мектеп» басмасында редактор болуп иштединиз.

 

Доцент Каным Сураналиева Эне тилдин эл аралык күнүнө карата тарбиялык сабак өттү

0

Педагогика факультетинин филологиялык жана социалдык-экономикалык билим берүү кафедрасынын доценти Сураналиева Каным «21-февраль - Эне тилдин эл аралык күнүнө» карата «Дил бермети-тил» деген темада ПЕД(б)-3-18 тайпасына тарбиялык сабак өттү. Сөз кадыры, сөздун кудурети өзунчө эле баалуулукту, өлбөстүктү, кооздукту, ыйыктыктын керемети десек жанылышпайбыз. Ар бирибиз сөз байлыгын, асылдыкты сиңирип алышыбыз керек. Улуу кыргыз элинде Эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоого жан үрөп келген инсандарыбыз да жок эмес.

 

Профсоюз комитети 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктайт!

00

Ар бир белгиленип жаткан майрамдын  өз тарыхы, жеңиши, анын өз өлкөсүндөгү алган орду, символикасы бар. 23-февраль Ата Мекенди коргоонун майрамы. Аты айтылып тургандай Ата Мекенди коргоо - демек, туулуп-өскөн жерин, мекенин, кичи мекенин ал турсун топурак, суусуна чейин коргоо дегенди билдирет. Ар убак мекен үчүн чепке туруп, душманга түз карап, кара жанын эмес, калктын амандыгын ойлогон не бир азамат жигиттерибиз, мырзаларыбыз бар! 

 

Профессор В.С.Акматова КМШ жазуучулары менен адабиятчыларынын симпозиумуна катышты

00

Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын профессору, ф.и.д. В.С.Акматова 2021-жылдын 19-февраль күнү Жазуучулар Союзу жана КР Китеп палатсы биргелешип өткөргөн КМШ жазуучулары менен адабиятчыларынын «Мезгил жана адабият» эл аралык симпозиумуна катышты. Иш чара Минскиде он-лайн жана бизде офф-лайн формасында өткөрүлүп, белорус, орус, азербайжан, өзбек, казах ж.б. адабиятынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Кыргыз акын-жазуучуларынын арасынан белгилүү акын А.Рыскулов азыркы адабияттын, адабий байланыштардын абалына токтолуп өттү.

 

КУУда Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

00

2020-жылдын 19-февралында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. Жыйынды кириш сөз менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан (Тиллебаев) ачты, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетектөөчү адиси Кутмырза Жакыбалиев Улуттук университеттин окутуучулары менен студенттерин эне тилдин эл аралык майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды:  

 

Профессор К.Т.Жаманкулова Бишкектеги эл аралык конференцияга катышты

002021-жылдын 18-февраль күнү кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору К.Т.Жаманкулова Эл аралык Кувейт университетинин профессору,  доктор PhD Махмуд Ибрахим аль Зухейринин ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып, “Махмуд Кашкаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү тууралуу” деген темада баяндама жасады.

 

Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү

002021-жылдын 18-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор Бекжан Темиров алып барган жыйында "КУУнун кызматкерлери жазган окуу куралдарына министрликтин грифин алуу", "КУУнун кызматкерлерине доцент окумуштуулук наамын ыйгаруу", "КУУнун кызматкерлеринин докторлук темаларын бекитүү", "Келишимдик негизде окуп жаткан студенттерге жеңилдиктерди берүү" жөнүндө жана башка маселелер каралды.

 

Профессор Н.Турдубаева Каракалпакстандын эл акыны Т.Жумамуратовга арналган ИТКга катышты

00

2021-жылдын 18-февралында кыргыз филололгиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору Назгүл Турдубаева Өзбекстан менен Каракалпакстандын эл акыны Тлеуберген Жумамуратовдун 106 жылдыгына арналган “Культурное наследие Каракалпакстана” аттуу онлайн эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышып, иш чаранын пленардык жыйынында “Стихи Т.Сатылганова в переводе Т.Жумамуратова” деген илимий баяндама жасады.

 

60 жаш кутман курагыңыз кут болсун, урматтуу Канат Жалилович!

00

Урматтуу Канат Жалилович! Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты, жалпы эмгек жамааты жана бириккен профсоюз комитети Сизди 60 жаш кутман курагыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сиз Улуттук университет эң кыйын күндөрдү баштан кечирип жаткан оор мезгилде жетекчиликке келдиңиз. Бирок, арадан өткөн төрт жыл ичинде Сиз, урматтуу Канат Жалилович, өзүңүзгө мүнөздүү токтоолугуңуздун, иш көзүн билген бай тажрыйбаңыздын жардамы менен окуу жайыбызда ынтымак-ырашкерликти, бирин бирин түшүнүшүүнү, өз ишине болгон жоопкер мамилени терең калыптандыра алдыңыз.

 

Тарых барактарындагы университет сыймыктары

00

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин администрациясы, бириккен профсоюз комитети жана окуу жайдын жалпы эмгек жамааты Ооган согушунда курман болгон бардык жоокерлеринин үй-бүлөсүн, ардагерлерди жана согуштун катышуучуларын унутулгус дата - Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылыш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

 

Профессор Б.Канетовдун макалалары “Web of Science”-те индекстелүүчү журналдарда жарык көрдү

00Алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, физика жана математика илимдеринин доктору, профессор Бекболот Канетовдун “On uniformly Lindelöf spaces” жана “On strongly uniformly paracompact spaces and mappings” деген илимий макалалары (аспиранты М.Жанакунова менен биргеликте жазган) импакт фактору 0,4 болгон америкалык “AIP Conference Proceedings” журналынын ушул жылдын февраль айындагы санында жарык көрдү.

 

ЭФ студенттери Россиянын адабият жана маданият борборунда өткөн викторинага катышты

0

2021-жылдын 10-февралында Россиянын адабият жана маданият борборунда "Кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүдөгү жаш илимпоздордун ролу" атту темада викторина өттү. Эки элдин ынтымагын бекемдеп, маанилүү иш-чаралардын тизмесин толуктаган интеллектуалдык мелдешке Бишкектеги окуу жайлардан жигердүү студенттер барды. Кыргыз улуттук университетинин атынан иш чарага экономика факультетинин мыкты студенттери катышып, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

 

Страница 2 из 5

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 1833 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Студенттердин ?-лору

  • Дарина 24.03.2021 21:14
    Саламатсыздарбы ,мен быйыл 2021ж Бишкек медициналык колледжи бүтөм анан КНУга биохим факультетине ...

    Толугу менен...

     
  • Гульмира 27.02.2021 23:13
    Саламатсыздарбы ?биология жана химия факультеттери жонундо толук маалымат бериниздерчи.

    Толугу менен...

     
  • Рыскелдиева Айдай 10.02.2021 23:01
    Саламатсыздарбы ! Мен азыркы учурда Адам университетинин 1 курсунда экономика факультетинде окуйм . 1 ...

    Толугу менен...

Абитуриенттердин ?-лору

  • Мээрим 31.03.2021 17:51
    Саламатсызбы менин уулум былтыр мектепти аяктаган, орт тапшырган, бирок окууга тапшыра албай ...

    Толугу менен...

     
  • Адинай 14.03.2021 17:55
    Саламатсызбы? Кайсы факультеттерде бюджетттик орундар бар?

    Толугу менен...

     
  • Усонов Умот 03.03.2021 15:26
    Здравствуйте, я Студент из МУКР 2 курс, можно ли перевестись на Стамотологическ ий факультет

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Akbata Smagulova 06.01.2021 16:59
    Salamatsyzby. Urmattu Bekibaev Samat Esenzanovicz. Maga Dipomdu zashitany zazganga chon jardam sizge ...

    Толугу менен...

     
  • Усон Эргешов 21.12.2020 17:10
    Саламатсызбы Урматтуу! Ж. Баласагын атындагы Куунун директоруна кайрылуум бар болчу Менин иним Оштогу ...

    Толугу менен...

     
  • G.K 12.11.2020 21:42
    Добрый день. Я училась в 1994-1998гг. в КГНУ на факультете ин.языков. Мне нужна справка о том, что ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Ырыскул 24.05.2020 10:43
    Пересдача тапшырып жатканда жетише албай убакыт бүтүп калып,балл жетпей калды, дипломная защитага ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары