2026-жылдын 16-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жаштар саясаты жана спорт департаменти менен Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борбору «Грамотей» компаниясы менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүү жана университеттин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу экскурсиясы уюштурду.

Иш-чаранын алкагында 387 мектеп окуучусу окуу жайдын тарыхы, институттары, факультеттери, адистиктери, билим берүү программалары жана студенттик жашоосу менен жакындан таанышышты.

Катышуучулардын 70 пайызы Кыргызстандын аймактарынан, 30 пайызы Бишкек шаарынан келген окуучулар болду. Экскурсия жаштардын жогорку билим алууга жана келечектеги кесибин туура тандоого болгон кызыгуусун арттырды. Анын жыйынтыгында 30дан ашык окуучу менеджмент багыты боюнча билим алууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик багыттар жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат алышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп табышты.

(С) Курманбекова Бурул — тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектор башчысы