17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата География, экология жана туризм факультетинде 1-курстун студенттерин тосуп алуу аземи жана майрамдык иш-чара болуп өттү.

Студенттик жашоонун жаркын көз ирмемдерине арналган майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен салтанаттуу түрдө башталды. Андан соң факультеттин деканы Токторова Р. А. студенттерди Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, жаштарга билим алууда ийгиликтерди, жаркын келечек жана бийик жетишкендиктерди каалады.

Майрамдык программа факультеттин студенттик кеңеши тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, ыр-күү, шаңдуу бийлер, кызыктуу оюндар, көңүлдүү сынактар жана чыгармачылык номерлер менен коштолду. Бул күнү студенттер өздөрүнүн талантын, чыгармачылык жөндөмүн жана өнөрүн көрсөтүп, майрамдык маанай тартуулашты.

Иш-чаранын өзгөчө жана эсте каларлык учурларынын бири – 1-курстун студенттерин студенттик жашоого расмий кабыл алуу аземи болду. Жаш студенттерге студенттик жашоонун символу болгон зачеттук китепчелер тапшырылып, ал эми факультеттин бүтүрүүчүлөрү тарабынан даярдалган жылуу каалоо-тилектер камтылган «Келечекке кат» капсуласы тартууланды. Бул символикалык белек жаш муунга болгон ишенимди, үмүттү жана улуу максаттарга карай жасалган алгачкы кадамды чагылдырды.

Ошондой эле университеттин жана факультеттин коомдук-маданий, массалык иш-чараларына активдүү катышып, факультеттин өнүгүшүнө жана студенттик жашоонун жанданышына салым кошкон студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чара студенттердин биримдигин, достугун, чыгармачылыгын жана жаштык демин даңазалаган жагымдуу маанайда өттү.

География, экология жана туризм факультетинин студенттерин, өзгөчө биздин катарга жаңыдан кошулган 1-курстун студенттерин Эл аралык студенттер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ар бириңиздерге билим жолунда ийгилик, жаңы ачылыштар, бийик максаттар жана жаркын келечек каалайбыз! Студенттик жылдарыңыздар унутулгус көз ирмемдерге, кызыктуу саякаттарга, бекем достукка жана чоң жетишкендиктерге бай болсун! Келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адистерден болуп чыгыңыздар!

Студенттик күндөр – өмүрдүн эң жаркын барактары!

(С) Байсеитова М.Р. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары