2026-жылдын 13-ноябрында Чет тилдер институтунда инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык семинар болуп өттү.

Иш-чара Чет тилдер институтунун Англистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага Өзбекстан Республикасынын Ургенч мамлекеттик университетинин окутуучулары катышты.

Семинардын жүрүшүндө туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик билим берүүнүн мааниси, англис тили мугалимдерин даярдоодо инклюзивдик баалоону колдонуу жана студенттердин жеке муктаждыктарын эске алуу маселелери талкууланды.

Ургенч мамлекеттик университетинин өкүлдөрү доктор Рохатай Абидова, Сурайё Маримбаева жана Чорас Юлдошева актуалдуу темалар боюнча презентацияларды жасап, инклюзивдик билим берүүнүн заманбап ыкмалары жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Семинардын алкагында институтунун окутуучулары менен чет өлкөлүк коноктор арасында кесиптик пикир алмашуу болуп, окутуучулардын ролу, билим берүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана заманбап окутуу методдорун колдонуу маселелери боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Бул иш-чара Чет тилдер институтунун эл аралык кызматташтыгын чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

 (С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары