2026-жылдын 20-ноябрында Химия жана химиялык технология факультетинде студенттер үчүн жол кыймылынын эрежелерине жана жол коопсуздугуна арналган лекция өткөрүлдү.
Иш-чара студенттердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жолдордо коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандыруу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында уюштурулду. Лекцияны милиция кызматкерлери Молдобаева Д.А. жана Абдыбеков Ж.З. өткөрүштү.
Сабактын жүрүшүндө студенттер жол кыймылынын негизги эрежелери, жөө жүргүнчүлөрдүн милдеттери, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана жол-транспорттук травматизмдин алдын алуу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле жолдо этият болуу, жол белгилерин жана светофордун сигналдарын сактоо, өзүнүн жана башкалардын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарылдыгы баса белгиленди.
(С) Кожомуратова Э.А. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары