2026-жылдын 16-ноябрында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасында 5-курстун студенттеринин педагогикалык практикасынын жыйынтыгын чыгарууга жана 4-курстун студенттерин алдыдагы педагогикалык практикага даярдоого арналган «Педагогикалык практика: тажрыйба, изденүү, жетишкендиктер» аттуу жыйын өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин педагогикалык практика учурунда топтогон тажрыйбаларын талдоо, жетишкендиктерин белгилөө, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана болочок мугалимдердин практикалык даярдыгын жогорулатуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө кафедра башчысы Аскар кызы Жылдыз педагогикалык практиканын болочок мугалимдердин кесиптик калыптануусундагы ордуна токтолуп, теориялык билимди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле 5-курстун студенттерине ийгиликтүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, 4-курстун студенттерине алдыдагы практикада жоопкерчилик менен мамиле кылууну эскертти.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө 5-курстун студенттери төрт мектепте өткөн педагогикалык практиканын жүрүшү жана өздөрүнүн кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Презентациялардын жүрүшүндө студенттер сабак өтүүдө колдонгон усулдары, интерактивдүү тапшырмалары, санариптик технологияларды пайдалануу тажрыйбалары, жетишкендиктери жана практика учурунда кездешкен кыйынчылыктары тууралуу ой бөлүшүштү.

Жолугушуунун өзгөчө бөлүгү катары 5-курстун студенттери 4-курстун студенттерине педагогикалык практикадан алган тажрыйбаларынын негизинде үч маанилүү кеңеш беришти. Бул бөлүк болочок мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүккө болгон кызыгуусун арттырып, алдыдагы практикага даярдануусуна багыт берди.

Мындан тышкары, педагогикалык практиканын сапатын аныктоо жана аны мындан ары өркүндөтүү максатында QR-коддор аркылуу 5- жана 4-курстун студенттеринин арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоонун жыйынтыктары студенттердин пикирлерин, практиканын жүрүшүндөгү жетишкендиктерди жана жакшыртууну талап кылган багыттарды аныктоого өбөлгө түзөт.

Факультеттин деканы Б.Жайлообаев жана кафедранын профессору Б.Байсабаев сөз сүйлөп, 5-курстун студенттеринин педагогикалык практикасы ийгиликтүү өткөнүн белгилешти. Студенттердин жетишкендиктерине жогору баа берип, алдыдагы педагогикалык практикага бара турган 4-курстун студенттерине ийгилик каалап, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырышты.

Иш-чаранын көркөм бөлүгү студенттердин жандуу ырлары, комуз күүлөрү жана көркөм окуулары менен коштолду. Жыйындын соңунда педагогикалык практика учурунда жоопкерчилигин, чыгармачылыгын жана кесиптик даярдыгын көрсөткөн студенттерге: Мааметова Азизага, Касымалиева Элданага, Эмилова Жаңылмырзага жана Амантуровага Мээримге грамота тапшырылды.

Жолугушуу тажрыйба алмашуунун, кесиптик баарлашуунун жана өз ара колдоонун аянтчасына айланды. Мындай иш-чаралар студенттердин педагогикалык компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана келечектеги мугалимдик кесипке болгон жоопкерчилигин арттырууга багытталды.

(С) Аскар кызы Жылдыз — профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент