2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында «Кесиптик кыргыз тили: теориясы жана практикасы» аталышындагы республикалык илимий конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Асылбек Орозов, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, профессорлор, окутуучулар жана тил илиминин адистери катышты.

Конференцияны КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишекеев ачып, кесиптик тилдин коомдогу жана билим берүү системасындагы ордуна токтолду. Анын айтымында, кесиптик тил адамдардын ортосундагы иштиктүү байланышты жакшыртып гана тим болбостон, кыргыз тилинин ар түрдүү кесиптик тармактарда колдонулушун кеңейтүүгө да шарт түзөт.

Белгилүү болгондой, күнүмдүк турмушта бир эле сөз ар кандай мааниде колдонулушу мүмкүн. Ал эми кесиптик тилде ар бир термин белгилүү бир түшүнүктү так жана бир мааниде билдирүүгө тийиш. Ушуга байланыштуу конференциянын жүрүшүндө жасалган илимий баяндамаларда бирдиктүү терминологияны калыптандыруу, окуу-методикалык материалдардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү, адистердин тилдик сабаттуулугу менен сүйлөө маданияты сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Асылбек Орозов  жогорку окуу жайларында жүргүзүлүп жаткан аккредитациялык иштерде мамлекеттик тилдин колдонулушуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаштардын заманбап талаптарга жооп берген сапаттуу кыргызча контенттер, илимий маалыматтардын электрондук мейкиндикте жеткиликтүүлүгүн арттыруу, Кыргыз Википедиясын сапаттуу илимий макалалар менен толуктоо жана санариптик ресурстарды өнүктүрүү мезгил талабы экенин баса белгидеди.

Булардан тышкары  илимий жыйында билим берүү мекемелеринин, тил адистеринин жана илимий коомчулуктун өз ара кызматташтыгы эне тилибиздин байышына жана келечек муундарга сакталышына шарт түзөрү талкууланды.