2026-жылдын 13-ноябрында география, экология жана туризм факультетинин студенттерине Бишкек шаарынын  ИИББнын ЭММКАКтын ыкчам өкүлү милициянын улук лейтенанты Султанов Э.Т. тарабынан “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” профилактикалык жана түшүүндүрүү иштерин уюштуруу максатында конок лекция өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга диний  экстремизм жана терроризм, радикалдуу кыймыл аракеттер тууралуу түшүнүктөрдү алардын коомго тийгизген терс таасирлери, аларды алдын алуу чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Мындан сырткары, жаштар арасында радикалдуу көз караштардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык жана аймактар аралык ынтымакты бекемдөө, коомдук коопсуздукту сактоо маселелерди көңүлдөн тыш калтырбоо керектигин айтып берди. Улук лейтинант сөзүнө улай студенттер келечек муун жана алар жакшы коом куруу үчүн сөзсүз билим алуу зарыл экендигин да баса белгилеп айтып кетти.

Иш-чаранын соңунда студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

(С) Байсеитова М.Р. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары