2026-жылдын 13-ноябрында Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун адабияттагы 60 жылдык чыгармачылык жолуна арналган илимий конференция болуп өттү. Жолугушуу Журналистика жана коммуникация институту менен Кыргыз филологиясы факультети тарабынан биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө акын-жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы, кыргыз адабиятына кошкон салымы жана улуттук көркөм сөз өнөрүндөгү орду кеңири талкууланды. Катышуучуларга Асан Жакшылыковдун чыгармачылык жолун чагылдырган видеоматериал көрсөтүлүп, анын 21 томдон турган көп жанрлуу чыгармалар жыйнагы тааныштырылды. Жыйнактын 21 томун студенттер сахнага көтөрүп чыгышып, жазуучунун узак жылдык эмгегинин көлөмүн жана мазмундук байлыгын символдук түрдө көрсөтүштү.
Иш-чаранын алкагында жаңы китептердин бет ачары да өткөрүлдү. Алардын катарында Аида Эгембердиеванын «Он эки кыр – бир өмүр», Сайкал Абдылдаеванын «Сүйүү коду» аттуу эмгектери жана Аттокур Жапанов түзгөн Асан Жакшылыковдун энциклопедиясы тааныштырылды.
Коференцияда КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Н.Ишекеев сөз сүйлөп, Асан Жакшылыковдун улуттук адабиятка жана руханий маданиятка кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле университеттин атынан маараке ээсине «Кыргыз улуттук университеттин ардактуу профессору» наамын ыйгарды.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов жана башка мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты. Алар өз сөздөрүндө Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгынын улуттук адабияттагы ордуна, калемгердин руханий мурастарды изилдөөгө жана жайылтууга кошкон салымына токтолушту. Жазуучунун көп жылдык эмгеги улуттук көркөм ой жүгүртүүнүн өнүгүшү, тарыхый эс тутумдун сакталышы жана кийинки муунга руханий мурас калтыруу өңүтүнөн бааланды.
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев да Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына токтолуп, анын эмгектеринде адабият, тарых, этнография жана философиялык ой жүгүртүү өз ара айкалышып, кыргыз таануунун кеңири багыттарын камтыганын белгиледи.
Ошондой эле анын чыгармаларындагы жаратылыш темасы, жарандык позициясы, универсалдуу ойлору жана элдик нарк-насилди көркөм чагылдыруу өзгөчөлүктөрү белгиленди.
Иш-чаранын алкагында «Жаш толкун» чыгармачыл тобунун өкүлдөрү акындын ырларын көркөм окушуп, белгилүү ырчылар жана өнөр адамдары музыкалык чыгармаларын тартуулашты.
Адабий жолугушуу Асан Жакшылыковдун көп жылдык чыгармачылык мурасын даңазалоого, анын кыргыз адабиятындагы ордун дагы бир ирет белгилөөгө жана жаш муунду улуттук адабияттын баалуулуктары менен тааныштырууга багытталды.
(С) П.Джаныбекова — адис