Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында “Kyrgyz National h-index Ranking” 2026–жылдагы өзүнүн рейтингин жарыялады. Анда профессор Бекболот Канетов Улуттук университетте Скопус боюнча башкы сапчаны ээледи (h=11).

Профессор Бекболот Канетов Улуттук университеттин белгилүү математиктеринин бири. Хирш индекси боюнча дүйнөлүк эксперттер математика илими боюнча ал илимдин спецификасын эске алуу менен Хирш индексине ээ болуу мүмкүнчүлүгү башка илимдерге, маселен Медицина, Биология, Социология, Педагогика, Экономика, Археология, Сейсмология, Юриспруденция, Компьютердик илимдерге салыштырмалуу 10 эсе кыйынчылык жаратаарын белгилеп келишет. Эксперттердин мындай белгилөөлөрүн эске алсак, анда бардык илимдердин падышасы болгон математика боюнча шугулданган окумуштуу-математик Бекболот Канетовдун Хирш индексинин салмагы бир топ цифраны түзөөрү айкын.

Кесиптешибиздин мындай ийгилигин чын жүрөктөн куттуктайбыз, ден-соолук, ишине ийгиликтерди каалайбыз жана Улуттук университеттин ишмердүүлүгүнө болгон салымы деп билебиз!

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент