2026-жылдын 23-ноябрында КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин басма сөз жана маалымат маселелери боюнча кеңешчиси Рамазан Акзейбек менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалы, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий байланыштарды өнүктүрүү, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алышты.
Биринчи проректор Алайбек Шамшиев КУУнун базасында өткөрүлүүчү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул демилге кыргыз жана түрк элдеринин ортосундагы руханий, маданий байланыштарды бекемдөөгө, улуу жазуучунун бай адабий мурасын жаш муундарга кеңири таанытууга багытталганын белгиледи.
Өз кезегинде Рамазан Акзейбек эки тараптуу байланыштарды мындан ары да активдүү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен демилгелерди колдоо жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.