Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасы окутуучусу Кадырова Элзат Билаловна «Санарип доордогу илим: идеялар жана чечимдер» аттуу мыкты, интерактивдүү илимий баяндама жасагандыгы үчүн КУУнун ректорунун ардак грамотасы менен сыйланды.

Ал эми илимий жетишкендиктери менен айырмаланган Сааданбекова Чолпон Идирисовна Scopus эл аралык илимий маалымат базасындагы көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз улуттук университетинин ТОП-10 тизмесине кирди.

Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын жамааты коллегаларыбызга ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз

(С) Урумкулова Назгуль — кафедранын окутуучусу