2026-жылдын 20-ноябрь күнү Эл аралык колледждин 1-курс студенттери Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө болушту.

Аскердик-патриоттук тарбия берүү максатында аскерге чейинки даярдоо дисциплинасынын окутуучусу М.М.Сапаев тарабынан уюштурулган иш-чаранын максаты — студенттерди Ички аскерлердин ишмердүүлүгү, аскер кызматкерлеринин күнүмдүк кызматы жана аскердик тартип менен тааныштыруу, жаштардын мекенчилдик сезимин калыптандыруу жана Мекенди коргоого болгон жоопкерчилигин арттыруу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер 7702 аскер бөлүгүнүн ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, аскердик кызматтын өзгөчөлүктөрү, аскер кызматкерлеринин күнүмдүк турмушу жана кызматтык милдеттери тууралуу маалымат алышты.

Мындай жолугушуулар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, аскердик кызматка болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле жаш муундарды мекенчилдикке жана жарандык жоопкерчиликке тарбиялоого чоң өбөлгө түзөт.

(С) Н.М.Джапарова — окутуучу