2026-жылдын 20-ноябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахандын 70 жылдык мааракесине арналган “Өр беттеп баскан өмүр” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу ачып, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди. Ал маараке ээсин 70 жаш кутман курагы менен окуу жайдын жалпы жамааты, Окумуштуулар кеңешинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, агайдын кыргыз филологиясы илимине, улуттук алабият таанууга жана жогорку билим берүүгө кошкон салымы опол тоодой зор экенин белгиледи.

Профессор Садык Алахан тууралуу видеотасма көрсөтүлгөн соң, юбилярды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, академиктер Абдыганы Эркебев, Осмонакун Ибраимов, Абдылдажан Акматалиев, т.и.д, профессор Сулайман Кайыпов, ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раев (видео аркылуу), “Кара-Суу – Ынтымагы” коомунун аксакалы, композитор А.А.Абдуллаев куттукташты.

Конференциянын пленардык бөлүгүндө төмөндөгү баяндамачылар жасалды:

  • Нурушев Э.Н. — адабиятчы, публицист: “Садык Алахан жана кылым тоомундагы кыргыз адабияты”;
  • Чыманов Ж.А. — п.и.д., профессор: “Садык  Алахан окумуштуу жана педагог»;
  • Шамшиев Б.Ш. — ф.и.к., доцент: «Садык Алахан унутулган жазгыч акындардын изилдөөчүсү».

Кыскача маалымат

Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) 1956-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мыялы кыштагында туулган. Алыскы тоо койнундагы бул айылдын бийик дөбөлөрүндө өзгөчө бир жыты бар мия чөптөр өтө жыш өсөр эле. Ушундан улам тоо койнундагы бул кыштакты Мыялы (мия+луу, миясы көп) деп атап коюшса керек.

К.Жакыпов атындагы Кара-Суу мектеп-интернатын бүтүргөн соң Садык Алахан алгач азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетинен окуду. Окууну эң жакшы бүткөн жаш жигитти окутуучулары университеттин өзүндө алып калышат.

Бир аз убакыттан соң Садык Алахан Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунда адабият таануу жана адабий көркөм сын боюнча да бөлүм ачылганын угуп, Кыргызстан жазуучулар Союзунун (төрагасы Ч.Т.Айтматов) жолдомосу менен акын-жазуучулардын көптөгөн муунун тарбиялаган атактуу Адабият институтунан окуп келет. 1989 – 1991-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий-көркөм сын боюнча секциясынын башчысы болуп иштейт. Андан соң кайрадан педагогдук ишин улантып, С.Алахан катардагы окутуучудан профессорго чейинки жолду басып өттү. 2008-жылы доцент болсо, андан соң профессор болду. 2016 – 17-окуу жылынан тартып 2024 – 2025-окуу жылына чейин сегиз жыл Улуттук университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштери боюнча проректору болуп иштеди. сын боюнча секциясынын башчысы (коомдук башталышта) болуп дайындалды. “024-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Аксакалдар кеңешинин төрагасы.

2011-жылы “Кыргыз поэзиясындагы коллективдештирүү темасы өткөндөгү жана бүгүнкү күндүн көз карашынан (Аалы Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасынын мисалында” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2014-жылы “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.

Садык Алахандын эң алгачкы рецензиясы 1975-жылдын январында  “Ленинчил жаш” гезитине жарыяланган. Адабият айдыңына келген мезгилден бери адабиятчы-окумуштуу  адабий сын жана адабият таануу багытында жазылган үч жүздөн ашуун макалалардын жана бир нече китептердин автору болду. Илимпоздун эмгектери Орусияда, Кытайда, Түркияда, коңушулаш боордош элдерде басылып чыккан.

Садык Алахан “Ала-Тоо” журналы баш болгон  бир нече журналдардын, “Жарчылардын” редакциялык кеңештеринин мүчөсү, кыргыз адабияты боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасынын орун басары жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы баш болгон  көптөгөн грамоталардын, төш белгилердин ээси.

Эмгектеринин 5 китептен турган жыйнагы

1-китеп

  • “Манас” эпосу жана жайсаңчылырдын бурмалоолору. (Макалалар түрмөгү). – Б.: “Университет”, 2024. – 130 б. ISBN 978-9967-9516-1-1;
  • “Манастын” кара сөзгө айландырылышы. (Монография);
  • Башканы коюп “Манасты” айт… (Макалалар түрмөгү);
  • Адабият айдыңын аралап…  (Адабий-көркөм сын макалалар). – Б.: “Полиграф-ресурс”, 2006. – 304 б. ISBN 978-9967-02-490-8.

2-китеп

  • Чыӊгыз Айтматовдун алгачкы аӊгемелери. (Монография) – Б.: «Полиграф-ресурс», 2013. – 124 б. ISBN 978-9967-12-351-9
  • Айтматов тууралуу алты сөз. (Монография, макалалар, маек). – Б.: “Университет”, 2023. – 224 б. ISBN 978-9967-9480-2-0
  • Узакбай Абдукаимов жана “Майдан” талкуусу (Окуу куралы) – Б.: АТАК басмаканасы, 2000. – 136 б. ISBN 9967-403-05-5;  Кошумчаланып, толукталып 2-басылышы. – Б.: “Полиграф-ресурс”,  2009. – 204 б. ISBN 9967-403-05-5

3-китеп

  • Беш молдо (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш) – Б.: «Айат» 2004. – 160 б. ISBN 9967-04-093-9
  • Унутулган   адабият.  (Портреттер. 1-китептен). – Б.: «Бийиктик», 2006. – 352 б. ISBN 9967-04-193-5 (Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин грифи менен).

4-китеп

  • Унутулган адабият. (Портреттер. 2-китептен);
  • Райкандын термелери. (Монография);
  • Адабият – аруу дүйнө. (Адабий-көркөм сын макалалар) – Б.: “Полиграф-ресурс”, 2015. – 340 б. ISBN 978-9967-04-679-5;
  • Адабиятчылар тууралуу айтканда… (Адабий-көркөм сын макалалар).

5-китеп

  • Токомбаевдин ыры – Акаевдин сыры («Өз көзүм менен» поэмасы  кыргыз айыл чарба реформасынын күзгүсү катары). (Монография) – Б.: Э.Арабаев атындагы КМПУнун кичибасмаканасы, 1999. – 100 б. ISBN 9967-506-20-2;
  • Кыргыз тарыхый романдары (1960 – 1985-жылдар).(Адабий иликтөө);
  • Башкалардын адабиятын барактап. (Окуу куралы);
  • Кеңешбек Асаналиев, Жолон Мамытов. (Эки эссе);
  • Эмгектерибиз жөнүндө эл сөзү. (Башкалардын пикирлери).

Булардан сырткары профессор Садык Алахан ЖОЖдор үчүн жазылган бир нече окуу куралдары менен окуу программаларынын автору.