18-19-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрилигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы чыгыш № 3151 сандуу катына ылайык Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Жаштар жана спорт боюнча департаментинин билдирүүсүнүн негизинде жана ТӨМдү ишке ашыруунун алкагында Экономиканын жогорку мектебинин студенттери жана Банктык иш жана салык салуу кафедрасынын ага окутуучусу Тилекеева Бактыгуль Сагыновнанын коштуусу менен “Asia Innovation Forum 2026” — Азия инновация Эл аралык форумуна катышышты.
Эки күндүк форумда студенттер жасалма интеллект, финансылык технологиялар, санариптик активдер, криптовалюталар, майнинг жана маалыматтык технологиялар жаатындагы маселелердин кызыктуу талкуусуна күбө болушту. Ошондой эле виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясынын эсперттик кеңешинин төрөгасы Асылбек Айтматовдун “Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногу: Кыргызстан үчүн келечек жана тобокелдиктер” темасындагы презентациясынан кызыктуу маалыматтарды алышты. Форумдун дагы бир сыйлуу кабарчысынын Татарстан республикасынын улуттук академиясынын президенти Рифкат Миннихановдун “Санариптик технологиялардан инвестицияларга жана өнөктөштүккө чейин” деген темадагы лекциясы маанилүү болду. Форумдун негизги дэмөөрчүсү Binance компаниясы жана башкалар.
Студенттер эки күндүк Азия инновация форумунан финансылык технологиялар, санариптик активдер, криптовалюталар дүйнөсүнөн көп жаңылыктарды угуп, билимдерин жогорулатышты.
(С) Бактыгуль Тилекеева — ЭЖИ ага окутуучусу
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды