2026-жылдын 17-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларынын Спартакиадасында мыкты жыйынтык көрсөтүп, 1-орунду ээлеген КУУнун колледждеринин курама командасынын мүчөлөрү менен жолукту.

Ректор 28 орто кесиптик окуу жайынын командалары катышкан республикалык масштабдагы мелдеште жетишилген бул жеңиш — окутуучулар менен студенттердин биримдигинин, командалык духунун, спортко болгон кызыгуусунун жана тынымсыз аракетинин натыйжасы экенин баса белгилеп, университеттин жамааты үчүн чоң сыймык жана кубанычтуу окуя экенин билдирди. Анын айтымында, спорттогу мындай ийгиликтер окуу жайдын коомдук жана маданий турмушунда өзгөчө орунду ээлеп, студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Сөзүнүн соңунда Догдурбек Чонтоев жеңишке салым кошкон бардык окутуучуларга, машыктыруучуларга жана студенттерге терең ыраазычылык билдирип, команданын курамына ден соолук, күч-кубат жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, аталган Спартакиада Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Жаштык” дирекциясы тарабынан 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин волейбол, футзал, шахмат, стол тенниси, жеңил атлетика жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлүп, жеңишке жетишкендиги үчүн КУУнун командасы I даражадагы диплом жана 100 миң сом өлчөмүндөгү сертификат менен сыйланды.