2026-жылдын 17-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтта Студенттердин эл аралык күнүнө карата 1-курс студенттерин тосуп алууга арналган «Ретро FM – Студенттик толкун» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Майрамдык кече «Ретро FM – Студенттик толкун» аттуу сахналаштырылган мюзикл менен башталды.  Ал студенттик жашоонун жаркын көз ирмемдери менен унутулгус учурларын чагылдырды.

Салтанатты мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновду эскерип, анын педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Ошондой эле жаштарга терең билим, талыкпаган изденүү жана жигердүүлүк каалап, келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошкон, өз кесибинин мыкты мугалим адистеринен болууга үндөдү.

Андан соң институттун директору Рахат Сулайманова жалпы катышуучуларга жана 1-курстун студенттерине институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновдун өмүр жолу, педагогикалык билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы жана институттун түптөлүү тарыхы тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле студенттерди Эл аралык студенттер күнү менен куттуктап, алардын билимге болгон умтулуусуна, чыгармачылык жөндөмдөрүнүн өнүгүшүнө жана келечекте татыктуу адис болуп калыптанышына ийгиликтерди каалады.

Салтанаттын жүрүшүндө институттун негиздөөчүсү Искендер Исамидиновдун жубайы Бактыгүл Асановага Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык юбилейлик медалы тапшырылды.  

Иш-чарага профессор Искендер Исамидиновдун үй-бүлөсү тарабынан окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштердеги активдүүлүгү жана билимге болгон умтулуусу менен айырмаланган 16 студентке Искендер Исамидинов атындагы стипендиялар тапшырылды.

Стипендияга төмөнкү  студенттер татыктуу болушту:

ФиСЭО кафедрасы:

  1. Кудайбергенова Алтынай Сыргаковна;
  2. Борубаева Алтынай Руслановна;
  3. Болотбек уулу Нурсултан;
  4. Талгарбекова Жанара Талгарбековна (ФОК-1-23).

МЧБЖБиТ кафедрасы:

  1. Белекова Касиет Азатовна (ЛОГ-1-25);
  2. Таалайбек кызы Улкан (ФМОм(б)-1-24);
  3. Русланбек кызы Аруузада (НО-2-24);
  4. Токторова Аделя Темирбековна (ЛОГ-1-24);
  5. Кенешова АсылАй Асановна (НО-3-25).

Педагогикалык колледж:

  1. Өмүрбекова Айдай Эрлановна;
  2. Мамаева Мадина Жыргалбековна;
  3. Сатымкулова Калсыра Сатымкуловна;
  4. Талантбекова Айтунук Талантбековна;
  5. Рыскулова Махабат Бакаевна.

Дене тарбия жана спорт бөлүмү боюнча:

  1. Калмурзаева Сезимай Нурлановна (ФКС-1-25);
  2. Ибрагимов Нуртилек Махаматисаевич (ФКС-1-25).

Мындан тышкары, институттун эл аралык байланыштарын өнүктүрүүгө, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана коомдук иштерге активдүү катышууга кошкон салымы үчүн бир катар окутуучулар менен студенттер сыйланышты. Тактап айтканда, Казакстан Республикасындагы Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде эл аралык стажировкадан өтүп келген педагогикалык институттун окутуучулары — профессор Гүлназ Адылбек кызы, ага окутуучу Анаркан Эсенканова, доцент Света Кабылова жана стажировкага катышкан студенттер сертификаттар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Ошондой эле институттун ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен төмөнкү студенттер сыйланышты:

  1. Сарлыков Бийболсун Болотбекович;
  2. Рысбекова Аэлита Бакытбековна;
  3. Калбаева Даткайым Мелисовна.

Физика-математикалык билим берүү багытынын төмөнкү студенттеринин да жетишкендиктери белгиленип, алардын активдүүлүгүнө жана окуудагы аракеттерине баа берилди. ФМОм-1-24 группасынан:

  1. Абдираимова Мадина Исабековна;
  2. Файзулла кызы Алтынай;
  3. Алиева Айгерим Абдималиковна;
  4. Артисбек кызы Адина;
  5. Таалайбек кызы Улкан.

Мындан сырткары, Азия оюндарында дүйнө чемпиону болгон институттун 2-курсунун студенти Калмурзаева Сезимайдын ата-энесине кызын тарбиялоодогу колдоосу жана спорттогу ийгиликтерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырылды.  Ошондой эле  университеттер аралык уюштурулган сынакта III орунду ээлеген студенттер сыйлыктарга ээ болушту.

Иш-чаранын алкагында университеттин профсоюздук комитетинин ардак грамоталары да тапшырылып, билим берүү мекемесинин өнүгүшүнө, кесиптик ишмердүүлүккө жана коомдук иштерге кошкон салымдар белгиленди.

Майрамдык программанын алкагында  биринчи курстун студенттерине зачеттук китепчелер жана билим ачкычы салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Иш-чара музыкалык номерлер, чыгармачылык куттуктоолор жана жагымдуу маанай менен коштолуп, салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды.

(С) Айсулуу Эгамбердиева — илимий иштер боюнча директордун орун басары