2026-жылдын 16-ноябрь күнү математика жана информатика институтунда Москва физика-техникалык институтунун доценти, физика-математика илимдеринин кандиданты Дмитрий Осипов авторлошу менен бирге жазган “Пространство симметрий в физике. Алгебра Ли генераторов симметрии и состояние представлений (Физикадагы симметрия мейкиндиктери. Симметрия генераторунун Ли алгебрасы жана репрезентациялардын абалы)» темасында жаңы чыккан электрондук китеби тууралуу баяндама жасады.

Анын айтымында, кванттык механикада Ли алгебрасынын өзгөчө орду чоң. Анткени ал физикалык системалардын симметрияларын, оператордун өз ара аракеттенүүсүн  жана фундаменталдык мыйзамдардын математикалык негиздерин  түшүндүрүүгө өбөлгө түзөт. Лектор о.э. бул китеп математика менен физиканын терең байланышын ачып көрсөтүүгө, татаал теориялык түшүнүктөрдү жаңы өңүттөн кароого жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эмгек болуп саналары тууралуу баса белгиледи.

Зор кызыгууларды жараткан лекция жандуу өтүп, катышуучуларда көптөгөн суроолор пайда болуп, кызыктуу дискуссия да болду.

Өзгөчө  белгилей кетүүчү жагдай, аталган эмгек мазмуну жана илимий багыты боюнча БУУнун Туруктуу өнүгүү  максаттарынын 4-максаты—сапаттуу  билим берүү жана 17-максаты—туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүктү бекемдөө багыттары менен үндөшөт. Анткени илимий билимдерди тереңдетүү жаңы муундун интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү жана илимий жетишкендиктерди жайылтуу—заманбап университеттин маанилүү миссияларынын бири.

Сабактын соңунда, доцент Дмитрий Львович сөз сүйлөп, “Колдонмо информатика” билим берүү программасынын жетекчиси, ф.-м.и.д. , профессор Бекжан Темировго, Ли алгебрасына квант механикасы аркылуу көз караштын негизинде жазылган электрондук китепти белекке берди.

Бүгүнкү өтүлгөн дарс катышуучулар тарабынан жогору бааланып, профессор Бекжан Кайыпбекович, Москвалык окумуштуунун эмгеги математика менен физиканын өз ара байланышын тереңдетүүгө багытталган илимий изилдөөнүн  үзүрү  катары бааланып, биздин улуттук университетибиздин илимий-интеллектуалдык чөйрөсүнүн өнүгүшүнө кошула турганына салым болуп саналарына токтолуп, МФТинин доценти Дмитрий Осиповдун мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалап, лекторду чакырган, “Колдонмо информатика” билим берүү программасынын доценти Шаршенбек Жусупкелдиевге ыраазычылык билдирди.

Белгилеп кетчү нерсе, окумуштуунун  эмгегин жөн гана тааныштыруу менен чектелбестен анын илимий мазмунун, теориялык тереңдигин жана коомдук-билим берүүнүн маанисин ачып көрсөтүү маанилүү. Анткени ар бир илимий эмгектин чыныгы баалуулугу анын аталышында гана  эмес, илимге, билимге жана келечек муундун интеллектуалдык өнүгүшүнө кошкон салымында жатат.

(C) Бактияр Рахманкулов – тарбия  иштери боюнча директордун орун басары , ф.-м.и.к., доцент