Четверг, Октября 17, 2019

КУУнун ректору Эржиес университетинин профессору менен жолугушту

Бүгүн, 2011-жылдын 16-майында, Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор А.А.Акунов Түркиянын Кайсери шаарындагы Эржиес университетинин адабият факультетинин профессору Абдулкадыр Ювали мырза менен жолугушуп, аны менен эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу маектешти.

Профессор Абдулкадыр Ювали жолугушуунун башында Кайсери шаары жана Эржиес университети тууралуу кыскача баяндап берди. Айта кетсек, Кайсери шаарында 1,5 миллион калк жашап, Түркиянын Ички Анадолу регионунун тарыхый, маданий, өнөр жай жана соода борбору болуп эсептелет. Шаар римдиктердин убагында Кассериа деген ат менен курулуп, тарыхы 4 миң жылга таянат.

 

Ал эми Эржиес университети 1978-жылы негизделип, азыркы учурда анын курамына 16 факультет, 7 институт, 5 бөлүм, 19 борбор, 4 жогорку окуу мектептери жана 8 жогорку кесиптик окуу жайлары кирет. 2011-жылдын башына карата университетте 37 миңдей студент окуп, аларга 1844 окутуучу сабак берет. Алардан сырткары окуу жайда 3500 дөн ашуун кызматкер эмгектенишет.


Сөзүнүн соңунда Абдулкадыр Ювали мырза КУУнун ректоруна Эржиес университетинин логотип-сувенирин тапшырды.

 

КУУнун ректору түркиялык конокко ыраазычылыгын билдирип, өз кезегинде Кыргыз улуттук университети тууралуу маалымат берди. Андан ары жолугушуунун катышуучулары эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кээ бир маселелерин талкуулашты.

 

Жолугушууга ошондой эле "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин ректору Сулайман Кайыпов, Кыргыз улуттук университетинин эл аралык кызматташуу жана инвестициялар бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Индира Ибраева жана тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы Бектемир Жумабаев да катышты.