“Абитуриент” онлайн каттоо порталы аркылуу аркылуу 1-турдан ийгиликтүү өтүп, окууга сунушталган Улуттук университеттин абитуриенттери 16-июлдан баштап кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратына келип, документтерин тапшырууга киришти.

Документтерди кабыл алуунун биринчи күнү Улуттук университетте аншлаг менен өтүүдө. Анткени, 1-турдун жыйынтыгы боюнча окуу жайга жалпысынан 4 миң 965 абитуриент катталып, бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 1-орунду ээлеген.

Урматтуу абитуриенттер!

Окууга болгон каалоону тастыктоо жана документтерди кабыл алуу жараяны 19-июль саат 16:00гө чейин уланат. Ал үчүн https://2020.edu.gov.kg системасындагы жеке кабинетиңизге кирип, “Тастыктоо” деген баскычты басып, анан документтеринизди 6-окуу имаратында жайгашкан КУУнун кабыл алуу комиссиясына алып келип тапшырасыз.

Тастыкталбай, документ тапшырылбай калган орундар башка талапкерлер үчүн 2-турга вакансия катары сунушталат.

Добавить комментарий