Улуттук университеттеги соңку жаңылыктар
Кыргыз филологиясы факультетинде бүтүрүүчү курстун студенттерин узатуу кечеси болуп өттү
2022-жылдын 15-май күнү Бишкек шаарындагы Береке ресторанында кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсунун студенттери бүтүрүүчү курстун студенттерине узатуу кечесин уюштурушту. Аталган кечени академиялык консультанттар С.Жекшен кызы менен А.Солтоноев ачышып, факультетти бүтүрүп жаткан студенттерге ак жол каалоо менен бирге, алдыдагы мамлекеттик экзамендерин жакшы деген баага тапшырышына жана квалификациялык иштерин ийгиликтүү коргоп алышына тилектеш экендигин билдиришти, ал эми иш-чараны уюштурган 1-курстун студенттерине чын ден соолук, окууларына ийгиликтерди каалашты.
Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү акындары КУУнун студенттери менен жолугушту
Жакында башкы имараттагы кичи жыйындар залында белгилүү акын, бир нече сыйлыктардын ээси Атантай Акбаров, акын, котормочу Өктөм Калыева жана көрүнүктүү казак акыны, “Серпер” сыйлыгынын лауреаты Алибек Шегебай, акын жана котормочу, Казакстан Республикасынын маданият тармагынын отличниги, маалымат тармагынын отличниги Саят Камшыгер, ырчы, мугалим Шынар Бектургановалар менен КУУнун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахандын куттуктоо сөзүнөн кийин келген коноктор ар кыл темадагы ырларын окуп беришти.
Университеттин жетекчилиги окуу жайдын ботаникалык багына (технопаркына) барышты
2022-жылдын 14-майында ректор Канат Садыков баш болгон университеттин жетекчилиги окуу жайдын ботаникалык багына (технопаркына) барышты. Бул жерде жасалып жаткан иштер тууралуу аталган түзүмдүн башчысы Улугбек Невераев, университеттин башкы инженери Адылбек Маматов жана Корея Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы координатору Аркадий Кан айтып беришти. Гидропоника менен жабдылган кышкы жана жазгы күнөсканаларды, тажрыйбалык участокко отургузулуучу жашылчалардын бир канча сортторунун көчөттөрүн өстүрүү технологиялары тууралуу маалымат беришти.
Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча курс өткөрүлдү
2022-жылдын 12–13-май күндөрү мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан факультеттердин менеджерлери үчүн 18 саат көлөмүндөгү "Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү" боюнча курс өткөрүлдү. Сабактарды мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Кадыржан Жусупкелдиев, Гулзина Элтузерова, Динара Курманкожоева жана кыргыз-европа факультетинин ага окутуучусу Чынара Эсентурова өтүштү. Жыйынтыгында курстун катышуучуларына тастыктамалар тапшырылды.
Тарых факультети тарабынан “Кыргызстан ШКУ алкагындагы коопсуздук маселелеринин системасында” аттуу тегерек стол өткөрүлдү
2022-жылдын 13-майында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда тарых жана чөлкөм таануу факультетинин чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасы тарабынан “Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы коопсуздук маселелеринин системасында” деп аталган студенттик тегерек стол өткөрүлдү. Отурумду факультет деканы Туратбек Сырдыбаев менен аталган кафедранын башчысы Жамикат Омурова ачышты. Алар ШКУнун коопсуздук багытындагы ролун, уюмдун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чараларды белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Ректор Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди
Май айынын башында КУУнун ректору Канат Садыков Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жетектеген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясынын курамында Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди. Билим берүү тармагынын жетекчилери АКШнын жогорку билим берүү тармагына инновацияларды жана стартаптарды киргизүү тажрыйбасы менен таанышты. Делегация мүөлөрү стартап долбоорлорго жана Plug and Play Ventures фондуна, Стэнфорд, Чикаго жана Сэмюэль Хьюстон университеттерине, Остин коомдук колледжинин Accelerator жана Capital Factory бөлүмдөрүнө, DevXSchool жеке менчик мектебине, Чикагодогу Кыргыз коомдук борборуна, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигине барып, алардын жетекчилери жана илимпоздор менен жолугушту.
Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери акын Махабат Молдолиева менен жолугушту
2022-жылдын 12-май күнү кыргыз филологиясы факультетинин студенттери менен кыргыздын белгилүү акыны Махабат Молдолиеванын жолугушуу кечеси болуп өттү. Жыйында студенттер акындын ырларын көркөм окушуп, обондуу ырларын аткарышып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Кечени кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы К.Абакиров алып барып, жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Б.Баймырзаев, доцент С.Исаевалар сөз сүйлөштү.
Педагогика факультетинин студенттери Кыргыз-Казак университетинде өткөн конференцияда ийгиликтерге жетишти
2022-жылдын 12-майында Кыргыз-Казак университетинин лингвистика жана педагогика бөлүмүндө жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш чарада педагогика факультетинин ФОи-1-18 тайпасынын студенти Туратбекова Адина "Билбегенден уялба, окубагандан уял"" аттуу доклад менен чыгып сүйлөп, 1-даражадагы диплом жана сертификат менен сыйланды. Ал эми Фои-1-20 тайпасынын студенти Элуубек кызы Айжан «Онлайн окуудагы проблемалар жана офлайн окуудагы окуунун сапатын жакшыртуу» деген доклад менен катышып, сертификатка татыктуу болду.
Жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы майрамдык эс алуулардан кийин жигердүү ишке киришти
2022-жылдын 10-май күнү социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин жогорку мектептин педагогикасы кафедрасы майрамдык эс алуулардан кийин жигердүү ишке киришти. Сынактык документтерди кафедранын отурумунда активдүү кароо менен катар келип түшкөн кандидаттык диссертациялык иштерди алдын ала талкуулоо жүргүзүлдү. Илимий кандидаттык ишти жактоо абдан талкууга алынып, көптөгөн кеңештер берилип, пикирлер айтылды. Жуматаева Асылгүл менен Айдаров Азаматка ийгиликтерди каалоо менен бирге изилдөө иштерин жыйынтыктап, бышырып, илим жолунда көптөгөн ийгиликтерди жаратууну каалашты.
Университеттин жетекчилиги менен профсоюз комитети тылдын ардагерлерин куттукташты
2022-жылдын 7-майында мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан менен профсоюз комитетинин кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы тылдын катышуучулары Сатар Узбеков, Шаршен Керимбаев, Акун Бугубаев жана Клавдия Ефимованын үйлөрүнө барып, ардагерлерди Жеңиш күнүнүн 77 жылдыгы менен куттукташты жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктарды, гуманитардык азык-түүлүк баштыктарын тапшырышты. Ардагерлер өз өмүрүндөгү орчундуу окуяларды, Университеттеги үзүрлүү эмгек жылдарын жакшы маанай, жакшы элестер менен эстешип, эң башкысы - элибиздин тынчтыгы, мамлекеттеги сталбилдүүлүк экенин айтышып, КУУнун жалпы жамаатына ийгилик, эсенчилик каалап, ыраазычылык билдиришти.
Профсоюз комитетинин студенттик профактив үчүн жазгы мектеби старт алды
2022-жылдын 4-май күнү профсоюз комитетинин студенттик профактивинин жазгы мектеби старт алды. Эрте менен саат 9.00дө профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков башкы имараттын алдында студенттерди жолдо жүрүү, коопсуздук эрежеси жана семинардын программасы менен тааныштырган соң, чогулган топ Бурана тарыхый комплесине сапар тартышты. Ал жерде «Окуу менен катар иштеген студенттердин эмгек мамилелерин жөнгө салуунун укуктук аспектилери» атуу билим берүүчүлүк семинар болуп өттү. Иш чарага жигердүү, коомдук иштерде жана окууда ийгиликтерге жетишкен 50 студент катышты.
Матфактын жетекчилиги КУУнун жамаатын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктайт!
Урматтуу Улуттук университетинин окутуучу-профессорлору, кызматкерлери жана студенттери! Сиздерди математика жана информатика факультетинин жалпы жамааты Улуу Жениш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт! Жеңиш күнү – совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы, жакшылыктын – жамандыкты, жарыкчылыктын – карангылыкты жеңиши! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш! Бул кун – Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германиянын үстунөн жеңишке жеткен күн. Биздин университеттин жамааты Бишкек шаарында жыл сайын Жеңиш күнүнө карата өтүп келе жаткан “Өлбөс полк” жөө жүруш акциясына активдүү катышып келет. Быйылкы өтө турган акцияга да биздин кызматкерлердин кызуу катышышына ишенебиз.
Профессор Асылбек Асакеевич Чекеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду
2022-жылдын 1-май күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Асылбек Асакеевич (Асанакун уулу) Чекеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан алып барган аза күтүү митингинде КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, университеттин окуу иштери боюнча проректору Бекжан Темиров, аксакал математиктердин атынан Кумарбай Ишмахаммедов, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Исмет Алтынташ, профессор Султан Карабаев, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Павел Сергеевич Панков, туугандарынын атынан Жеңиш байкелер сүйлөшүп, Асылбек Асакеевичтин окумуштуу-педагогдук өмүр жолу, илимий жетишкендиги, акылгөй насаатчы, зирек илимпоз, камкор ата, боорукер ага экендигин муңкануу менен эскеришти. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, кадырлуу Асылбек Асакеевич. Жараткан бейишинен жай берсин. Сиз түбөлүккө биздин жүрөгүбүздөсүз...
Матфакта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Тарыхты танганың - тамырсыз калганың!" аттуу адабий кече өткөрүлдү
2022-жылдын 30-апрелинде математика жана информатика факультетинде кыргыз тилчи Тажикан Чыманованын жетекчилиги астында "Кыргыз тили жана адабияты" дисциплинасы боюнча жыл ичинде өтүлгөн материалдарды кайталоо, студенттердин алган билимдерин жыйынтыктоо жана бышыктоо максатында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Тарыхты танганың - тамырсыз калганың!" аттуу адабий кече болуп өттү. Студенттер "Улут болсоң, баркыңды бил, унутпай ата салтыңды бил!" деген чакырык менен кыргыз элинин тарыхын, салтын, үрп-адатын, маданий жана руханий баалуулуктарын даңктаган ырлардан - өзгөчө өздөрү жактырган акындардын ырларынан - көркөм окушуп, жазуучулардын чыгармаларынан алынган үзүндүлөрдүн негизинде чакан сахналаштырылган сценкаларды коюшуп, адабий кече мазмундуу, жемиштүү жана таасирдүү болду.
КУУда “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык ИПК болуп өттү
2022-жылдын 29-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Улуттук университеттин 90 жылдыгына арналган “Тилдерди изилдөө жана тил дисциплиналарын көп тилдүү шарттарда окутуу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жыйынга Билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери, Караганда техникалык университетинин профессор-окутуучулары, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук жамааттары катышты. Конференцияны факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиева ачып, куттуктоо сөздү мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан айтты.
Улуттук университетте "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү
2022-жылдын 29-апрелинде Улуттук университетте орто мектепти быйыл бүтүрүп жаткан окуучулар үчүн "Ачык эшиктер күнү" өткөрүлдү. Иш чара башкы имараттын алдындагы аянтчада башталып, КУУнун ректору Канат Садыков бүтүрүүүлөргө кайрылуу жасады. Ал болочок абитуриенттерге окуу жайдын тарыхы, структурасы, шарттары жана эл аралык байланыштары тууралуу айтып берген соң, "Окууӊарды ийигиликтүү бүтүрүп, жалпы республикалык тестти жакшы деӊгээлде тапшырып, ѳзүӊѳр тандаган окууга ийгиликтүү ѳтүп алгыла. Жолуӊар ийгиликтүү жана ачык болсун. Келгениӊиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин университеттин эшиги силер үчүн дайым ачык", - деп сөзүн жыйынтыктады.
Улуу Жеңиш күнүнө карата кыргыз филологиясынын студенттери дубал гезит чыгарышты
2022-жылдын 28-апрель күнү кыргыз филологиясы факультетинин ЛТ(к)-1-19 жана КТА(к)-1-20 группасынын студенттери 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата дубал гезит чыгарышты. Анда алар 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргыз филологиясы факультетинде иштеген кыргыздын чыгаан окумуштууларынын сүрөттөрүн чагылдырышып, согуш тематикасына арнап, өздөрү чыгарган автордук ырларын да кошо камтышкан.
Социологиялык изилдөө борборунун жамааты KOICA тарабынан уюштурулаган семинарга катышты

Матфакта Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Чыңгыз менен Алыкулдун ааламы" аттуу адабий кече өткөрүлдү
2022-жылдын 28-апрель күнү математика жана информатика факультетинде факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу, кыргыз тилчи Мээрим Думанаева 1-курс студенттери менен Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Чыңгыз менен Алыкулдун ааламы" аттуу адабий кече өткөрдү. Иш чарада аалам алпы, доор жарчысы Чыңгыз Айтматов менен жаңычыл, залкар акын Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча студенттер тарабынан даярдалган видео слайддар көрсөтүлүп, көркөм ырлар окулуп, залкарлардын калемине таандык обондуу ырлар жандуу аткарылды.
КУУнун студенттери “Нурсулуунун өмүрүн сактайлы” аттуу кайрымдуулук акциясына катышты
2022-жылдын 26-апрелинде КУУнун студенттери тарбия иштери боюнча бөлүмдүн координаторлору Азимова Гүлнура жана Абдыбекова Айжан менен биргеликте Бишкек шаарындагы Жеңиш жана Ынтымак 2 сейил бактарында болуп өткөн “Нурсулуунун өмүрүн сактайлы” аттуу кайрымдуулук акциясына ыктыярчы катары катышып, Жалал-Абад шаарынын жаңы төрөлгөн тургуну Нурсулуу Жыргалбекованын жүрөк оорусун жоюу операциясына керектүү каражатты чогултуу максатында концертке келген адамдарга ар кандай суусундуктарды, таттууларды, булочкаларды ж.б. сатуу менен бирге маанай көтөргөн ыр-күүлөрдү тартуулашты.
Ата Мекенди коргоо - ыйык милдет!
2022-жылдын 26-апрель күнү социалдык гуманитардык илимдер факультетинде 9-май - Жеңиш майрамына карата иш чара өткөрүлдү. Факультеттин окутуучулары менен студенттери үчүн Жеңиш күнү жөнүндө кыскача баяндама жасалган соң, Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасынын орун басары Аман Азимов билим берүүгө салым кошкондугу үчүн тарых факультетинин доценти Алымбек Кушубековго, юридика факультетинин доценти Азамат Кадыровго, окутуучусу, запастагы полковник Низахун Алахуновго, журналистика факультетинин доценти Милан Мырзагуловго, социалдык-гуманитардык илимдер факультетинен деканы Камчыбек уулу Мырзабекке, доценттери Каныбек Турукманов менен Абдикайым Жусубалиевге, ага окутуучулары Сүйүн Гапаров, Тайирбек Мусакулов, Болот Матиев жана Медер Кубатбековго аталган коомдун төш белгиси менен сыйлыктарын тапшырды.
Журфактын деканы ЖОЖдор аралык универсиадада дзюдо-самбо боюнча 3-орунду ээлеген Зияпова Айкөлдү жеңиши менен куттуктады
2022-жылдын 26-апрелинде журналистика факультетинин деканы Ширин Костюк 14-15-апрель күндөрү Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өткөн ЖОЖдор аралык универсиаданын дзюдо-самбо боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдештерине 80 кг. ашык салмакта катышып, байгелүү 3-орунду ээлеген ТЖ-1-21 тайпасынын студенти Зияпова Айкөлдү жеңиши менен куттуктады. Белгилей кетсек, Айкөл буга чейин спорттук самбо боюнча Ысык-Көл областында болуп өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионатында 88 кг салмак категориясында 1-орунду багындырып, май айында Ливанда боло турган Азия чемпионатына жолдомо алган.
Профессор Гүлжамал Жаманкулова «Тил илиминин маселелери» аттуу илимий эмгектин бет ачарына катышты
2022-жылдын 25-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда «Тил илиминин маселелери» аттуу илимий эмгектин бет ачары болуп өттү. Жыйнакта Гүлжамал Жаманкулованын «Кыргыз тилиндеги айкындооч мүчөлөр» аттуу көлөмдүү макаласы (173-211 бб.) жарык көрдү. Аталган эмгек "Жалпы тил илими жана түркология маселелери", "Азыркы кыргыз тилинин теориялык маселелери", "Социолингвистика маселелери", "Тилдерди окутуу жана котормо маселелери" деген төрт бөлүктөн турат. Мындан тышкары, институттун кызматкерлери Баткен областында, Токмок шаарында жүргүзүлгөн социологиялык илимий экспедицияларынын жыйынтыктары тууралуу отчет беришти.
КУУда көрүнүктүү окумуштуу, академик Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгы белгиленди
2022-жылдын 26-апрель күнү Улуттук университетте көрүнүктүү окумуштуу, академик, география илимдеринин доктору, профессор, СССРдин география коомунун ардактуу мүчөсү, атамекендик спорттун ардагери, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, мамлекеттик жана коомдук ишмер Кайып Оторбаевдин 100 жылдыгына арналган «Борбордук Азиядагы өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүү жана жайгаштыруу көйгөйлөрү» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция жана мини-футбол боюнча турнирдин финалдык оюндары болуп өттү. Илимий конференциянын ишин КУУнун ректору Канат Садыков ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин 1987-жылкы бүтүрүүчүсү Сүйүнбек Касмамбетовго сөз берди.
Страница 1 из 8
КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар
- Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери "Ала-Арча" жаратылыш паркына барып келишти
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн панелдик дискуссияга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын 70 жылдыгына арналган тегерек столго катышты
- Педагогика факультетинин окутуучусу Сайкал Эсеналиева "Көкөтөйдүн ашы" темасы боюнча ачык сабак өттү
- Кыргыз филологиясы факультетинин жамааты студенттерге ооз ачырышты
- №7-жатаканада жашаган жалпы студенттер ооз ачышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-жыйындарга катышты
- Профессор Гүлжамал Жаманкулова Москвада өткөн онлайн-семинарга катышты
- Педагогика факультетинде "Мастер-классты өтүүнүн технологиясы" деген темада ачык сабак өтүлдү
- Педагогика факультетинин окутуучусу Мээрим Кубатбек кызы адабий иш-чара өттү
- Профессор Гүлжамал Жаманкулованын макаласы англис тилинде Нурсултанда жарык көрдү
- Педагогика факультетинде "Үйрөнүп жаткан тилдин практикалык курсу" боюнча ачык сабак өтүлдү
- Доцент Абдимомунова Апал Ч.Айтматовдун 93 жылдык мааракесине карата англис тилинде ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинде таймаш сабагы өткөрүлдү
- Ырым, сөзүм, элге жетип баркталармын; Кылымдарды аттап өтүп сакталармын
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Айдралиева Алима кызыктуу ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-тарбиялык саат өттү
- Педагогика факультетинин ага окутуучусу Кабылова Света онлайн-ачык сабак өттү
- Педагогика факультетинин улук окутуучусу Сапынова Айзуура "Өлкө таануу" сабагынан тарбиялык саат өттү
- Тарых жана чөкөм таануу факультетинде студенттер арасында футбол боюнча жолдоштук мелдеш болуп өттү
- Журналистика факультетинин студенттери белгилүү журналисттер Азиат Жекшеев жана Эрулан Кокулов менен жолугушту
- Матфактын "Жаңы муун" дебаттык клубуна жаны мүчөлөр кабыл алынды
- Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин 2-курс студенттери "Бурана" тарыхый комплексине барып келишти
- МжМБ факультетинин студенттери "Кулатуу Эртаймаш" федерациясынын президенти менен жолугушту
- Педагогика факультетинде профсоюз лидери алмашты
- 18.09.2019: Педагогика факультетинде старосталардын жыйыны болуп өттү
- Айтматов - котормо ааламында
- Профессор Гүлжамыш Абдымомунова "Жаштык мезгилдин психологиясы" боюнча ачык сабак өттү
- Геофакта "Декандын кубогу" ойнотулду
- Матфактын студенттери №7-жатаканадагы жаңы жылдык кечеге активдүү катышты
- Коррупцияга каршы иш чарада физфактын студенттери алдыга чыгышты
- Геофактын студенттери Панфилов мектеп-интернатына барып келишти
- Поэзия - менин жан дүйнөм!
- Кыргыз филологиясы факультетинде "Айтматов жана сахна" аттуу сынак өткөрүлдү
- Юрфактын студенттери Жогорку Кеңеште экскурсияда болушту
- Математика жана информатика факультети - футбол боюнча “КУУнун чемпиону”
- ЭККМКнын кызматкери КЕФтин студенттерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча лекция окуду
- Журфактын студенттери "Миң кыял" радиосунун түз эфирине катышып келишти
- Матфак - волейбол боюнча КУУнун чемпиону!
Администратордон
Абитуриенттердин ?-лору
-
Ду кай
21.04.2022 14:37
Здравствуйте, я из Китая. Я хочу учиться на степень магистра. Могу ли я дать ваш номер whtas или адрес ...
-
Жаркынай
30.03.2022 11:54
Здравствуйте, я хочу поступить после мед.колледжа, нужен ли ОРТ? Если нужен доп.предметы какие нужно ...
-
Айжан
15.02.2022 09:31
Саламатсыздарбы ! Мен 2015 жылы отчисление болуп кеткем, атестатым калып кеткен. Азыр алып кетсем ...
Студенттердин ?-лору
-
Сауле
04.04.2022 00:52
Саламатсызбы, мен 11 класс мын, ОРТ проходной бал га жетпей калса , тапшырсам болобу , выход барбы?
-
Назира
04.03.2022 14:48
Саламатсызбы, осенний семестрдин стипендиясы качан тушот? Уже март келди.
-
Албина
31.01.2022 12:31
2 курстан социалдык жана гуманитардык факультетке которулса болобу?
Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору
-
Каримов Нурбакыт
12.11.2021 09:12
Мен колеждеби кутком средный образования дагы дипломум бар . Азыркы кезде университетке восстановления ...
-
Umut Almazbekova
28.07.2021 10:30
Саламатсызбы, мен 2012-2017 жж. Чет тилдер факультетинин бутуруучусумун, мед. Книжкамды кантип алсам ...
-
Бегай
11.07.2021 11:33
Саламатсызбы?ме н лингвистика тапшырайын дегем английский тандаган эмесмин кошумча сабактан (Орт) ото ...
Пикирлер жана сунуштар
-
Айзирек
13.09.2021 15:15
Здравствуйте, я сегодня была в вашем университете чтобы поговорить с куратором моей сестрёнки насчёт ...
Көп окулган материалдар
- Абитуриент суроолору
- КУУнун түзүмдөрүнүн e-mail маалымдамасы
- Адреса учебных корпусов КНУ (обновлен 01.09.2017)
- КУУнун тарыхы (15.09.2012 жаңыланды)
- КУУнун жалпы мүнөздөмөсү (29.03.2016 карата)
- Ч. Айтматов. "Тоолор кулаганда (Кызкайып)". 1-бөлүк
- Бүтүрүүчүнүн суроолору
- Студенттин суроолору
- "Манас" эпосунун кыскача мазмуну
- Новости сайта