Жекшемби, Июнь 04, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Матфактын жамааты Бакыт Кадыровду Дүйнөлүк чемпионатта коло медалдын ээси болушу менен куттуктайт!

00

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окуутучусу, кармаш-уруш боюнча спорттун эмгек сиңирген чебери Бакыт Кадыров 2023-жылдын 20-21-май күндөрү Россиянын Ессентуки шаарында Full Contact Federation версиясы боюнча болуп өткөн Дүйнөлүк чемпионатка 84 кг салмактык категорияда катышып, жыйынтыгында 3-орунду ээледи. Математика жана информатика факультетинин жамааты Бакыт мырзаны коло медалдын ээси болушу менен чын жүрѳктѳн куттуктайт! Улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат!

Эскерте кетсек, Бакыт Кадыров эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2015-жылы Кисловодск шаарында өткөн Азия биринчилинде коло медаль, 2016-жылы Батуми шаарында өткөн Дуйно кубогунда алтын медаль, Дели шаарындагы дүйнөлүк биринчиликте кайрадан алтын медаль тагынып, 2017–жылы грепплинг боюнча Баку шаарында өткөн Азиялык оюндардын чемпиону, эрежесиз уруштун “ULTIMAX” ММА версиясы боюнча 2018-жылы Тбилиси шаарында грепплинг боюнча дүйнөлүк мелдештин чемпиону жана эрежесиз уруштун ММА версиясы боюнча 2018-жылдын 9-13-май күндөрү Грецияда өткөн дүйнөлүк  оюндардын вице-чемпиону, ошол эле 2018-жылдын 22-25 ноябрь күндөрү Баку шаарында өткөн “Алпагут ММА “жана ”Алпагут Грепплинг“ боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 18-21 январь күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында болуп өткөн “WJF GRAPPLING” боюнча дүйнө чемпиону, 2019-жылдын 3-9 майында ММАнын “HOSHARAFU Fahting CHAMPPIONSHIP” версиясы боюнча Индияда болуп өткөн HFC32 эл аралык турнирдин чемпиону , 2019-жылы август айында Тбилиси шаарында өткөн GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирдин чемпиону, 2021-жылдын 25-июлунда Баку шаарында өткөн GRAPPLING WJF-13 версиясы боюнча алтын курдун ээси, 2021-жылдын 19-22-ноябрында Туркиянын Бурса шаарында өткөн ММАнын Алпагут версиясы боюнча Европа чемпиону, 2022-жылдын 12-15-майында Барселона шаарында болуп өткөн Combat Ju Jutsu боюнча Европанын ачык чемпионатында  «күрөш жана мушташ» түрлөрү боюнча коло медалдардын ээси, 2022-жылдын июнь айында Бурса шаарында  өткөн  Дүйнѳ кубогунда  «BATUR" (мушташ түрү) жана "GURSHAG" (грепплинг күрѳшү) түрлөрү боюнча алтын медалдардын жана  «Мыкты мушкер» наамынын ээси, 2022-жылдын 8-11-сентябрь күндөрү Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн Combat Ju-Jutsu боюнча Азиянын  чемпиону, 2022-жылдын 18-20-ноябрь күндөрү Польша өлкөсүндө Воршава шаарында Универсал мушташ боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын вице-чемпиону, 2022-жылдын 1-4-декабрь күндөрү Туркия мамлекетинин Бурса шаарында болуп өткөн III Дүйнөлүк Алпагут версиясы боюнча дүйнө чемпиону.

КУУнун окутуучулары жана студенттери дүйнө кубогунун 3 жолку ээси, Азиялык оюндардын жана биринчиликтин 3 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, дүйнөнүн 8 жолку чемпиону, ММАнын HFC32 жана GRAPPLING WJF версиясы боюнча эл аралык турнирлердин чемпиондук алтын курларынын ээси Бакыт мырза менен дайыма сыймыктанышат.

02

04

06

Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 625 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Мумина 23.03.2023 02:13
    Саламатсыздарбы! Мен 2019 жылы МО факультетинен отчисления болгом бирок аттестатымды алган эмесмин. Азыр ...

    Толугу менен...

     
  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулар менен студенттердин макалалары