Фото - галерея
Азаттык менен демократиянын жарчысы

Азаттык менен демократиянын жарчысы
16.09.2010 14:41
2010-жылдын 15-сентябрында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында “Азаттык” үналгысынын түптөөчүсү, журналист, публицист жана коомдук ишмер Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү..
“Азамат Алтай – азаттык менен демократиянын жарчысы” деп аталган бул иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин ректорунун милдетин аткаруучу, профессор А.А.Акунов; белгилүү журналисттер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү Б.Жакиев, Т.Чоротегин, А.Молдокасымов, А.Матисаков, Аслан Капай уулуу, Азамат Алтайдын неберелери, университеттин окутуучулары жана студенттери катышышты.