Бейшемби, Февраль 09, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

Матфактын студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту

002022-жылдын 29-ноябрында математика жана информатика факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкуловдун жана инсандык өнүгүү багытындагы "Коом - сен жана мен" клубунун демилгеси менен "Инсан таануу" программасынын алкагында өткөрүлгөн иш чарада Гапыр агай көп жылдык эмгек жолунда окуучулар менен студенттердин жан дили менен окубагандыгынын себептерин, ата-энелердин көзөмөлүнүн балага тийгизген таасирин, мугалимдердин берген билиминин сиңбей жатышы тууралуу маселелердин үстүндө изденип, талыкпаган тажрыйбасынын негизинде "Ата-эне окумайын, бала окубайт", "Акыл эмгегинин маданияты", "Ата-энелер сиздер үчүн", "Ой-өрүшү - кругозор ", "Устаттык өнөр" ж.б. эмгектеринин баалуулугу, пайдалуулугу тууралуу студенттерге кызыктуу маек куруп, өзү иштеп чыккан формуласы менен аудиторияны жандантты.

Алыскы аймакта жайгашканына карабастан, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Максат айылындагы 3-эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жакшы баллдарды алып (орточо көрсөткүч 173 балл), ЖОЖдорго тапшыруу жыйынтыктары боюнча шаардын алдыңкы мектептери менен тең катар болгонунун себептерине токтолуп, атайын "Жайкы олимпиадалык мектеп" иштеп тургандыгын баса белгилеп, гимназияда жалпы мугалимдер менен биргеликте "Энелер мектебин" уюштуруу  аркылуу ата-энелерди бала тарбиялоого тартып, үй-бүлөдө энелер балдардын тарбиясы менен алектенип, 60 сааттык программа менен энелер "Энелер мектебинде" окутулуп, жыйынтыгында экзамен, атайын сынактарды тапшырышып, бала тарбиясы, билим баалуулугу тууралуу маалымат алышкандыгынын натыйжасы экендигин баяндап берди.

Анын "Акыл эмгегинин маданияты” деген автордук сабагы аркылуу балдарды билим алууга үйрөтө турган, эң башкысы балдарды тажатпай, азыркы  маалымат доорунда информациянын баары балдардын башына батпай, ошол үчүн алардын окугусу келбегенин түшүндүруп берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бактияр Рахманкулов Гапыр агайды буга чейин да таанып билгенин, анын ишмердүүлүгү тууралуу, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Максат айылындагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, педагогикалык илимдердин кондиданты, элдин ардактуу атуулу Гапыр агайдын четки айылга гимназия ачып, талыкпай билимин берип келгенин, Тажикстанга чектеш айыл болгондуктан, каргашалуу окуя болгон күнү да эл айылды таштап кеткенде Гапыр агай айылын таштап кетпегенин,  анткени өзү маңдай тери менен негиздеген 3-эксперименталдык гимназия ал үчүн ыйык жер болуп калганын, эки күн бою тажиктер өрттөп салбасын деп мектепти кайтарып отурганын айтып берди.

Бахтияр Рахманкулов өз сөзүндө мындай улуу инсан менен жолугушуу, баарлашуу зор сыймык экендигин баса белгиледи. Жөн жерден коомчулук тарабынан Гапыр агайга "Бүгүнкүнүн Дүйшөнү", "Эл мугалими", "Элеттик илимпоз", "Лейлектин Геродоту", "Биздин Макаренко", "Кыргыздын Сухомлинскийи" деген наамдар эчак берилип, сыймыктануу менен айтып келерине токтолду. Агайдын элинин келечегине жан дили менен күйүп-жанып, өмүр жолу ары татаал, ары түйшүктүү илим-билим дүйнөсүнө сүңгүп кирип, өз кесибине ашкере берилген улуу педагог агайыбыз менен дайыма сыймыктанып, агайдан үлгү алуу керектигин өзгөчө эскертип өттү.

Ошону менен бирге Президенттин жарлыгына ылайык өткөн элдик курултайда Баткен облусунан делегат болуп келип, чек ара көйгөйүн көтөрүп, чек ара тилкелерине жакын айылдардын тургундары көчүп жатканын, миграциянын алдын алуу, чечүү үчүн сунушун айтып, Лейлек районундагы Айкөл, Козубаглан, Саркент дарыяларынан канал аркылуу суу сактагычтары курулса, 10миң гектар жерлер өздөштүрүү менен тургундардын туруктуу жашап калышына шарт түзсө болорун айткан баалуу пикирлерин да унутта калтырган жок.

Мындан сырткары агайдын шакирти, котормочу, окутуучу, бизнес-тренер, эл аралык соода тармагы боюнча адис Зарина Макен айым да студенттерге мастер класс өтүп, жолугушуу жогорку деңгээлде өттү. Студенттер эң баалуу, эң керектүү кеңештерди угуп, маалыматтар менен таанышып, пайдалуу иш-чара болгонун жашырышкан жок. Мындан ары да онлайн форматта МИТ аркылуу жолугушууларды уюштуруу пландаштырылып, кийинки жолугушуу университеттин деңгээлинде өткөрүү максаты менен жыйынтыкталды.

01

02

04

06

08

10

12

14

Фархат Назарбаев – окуу иштери боюнча декандын орун басары

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 593 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары