Бейшемби, Февраль 09, 2023
Баннер

Сайттын тилин тандоо

kg_m RU EN
↑↑ Журналистика факультетинин "Баласагын ТВ" студиясынын репортаждары ↑↑

КУУда көрүнүктүү окумуштуулар Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйкановдун 100 жылдык мааракеси белгиленди

02022-жылдын 29-ноябрьында башкы имараттагы чоң жыйындар залында көрүнүктүү окумуштуулар Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйкановдун 100 жылдык мааракесине арналган «Профессорлор А.Жапаров, К.Дыйканов - улуттук тил илиминин залкарлары» аттуу эл аралык илимий- тажрыйбалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультети менен эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан уюштурулган иш чараны кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Төлөбек Абдырахмановго берди.

Ректор конференциянын уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйканов агайлар кыргыз тили менен адабиятына абдан зор салым кошкон инсандар экенин белгиледи жана аларды көрбөй калган азыркы студенттер менен магистранттар үчүн бул иш чара өтө кызыктуу болоорун айтты.

Андан ары Төлөбек Абдырахманов Президенттин жарлыгы менен Улуттук университетке өзгөчө статустун берилиши менен окуу жайга чоң милдеттер жана жоопкерчилик жүктөлгөнүн, жарлыкты ишке ашыруу үчүн КУУнун жалпы жамааты, анын ичинде кафедралардын, факультеттердин студенттеринен баштап, окутуучу, декандарына чейинки бардык кызматкерлери козголуп, ойгонуп, өзгөчө көз караш менен башкача ой жүгүртүп, башкача иштеши зарыл экендигин белгиледи. - Эгер жамаат кыймылдабаса, эчтеке чыкпайт, бардыгы мурдагыдай кала берет. Психологиялык жактан да өзгөрүү керек. Улутттук университет изилдөөчүлүк багыттагы университет болуп, илимдин чордону болушу керек. Анткени, бизде илимий традиция жана потенциал бар.

Ректор андан ары кыргыз филологиясы факультетинин жамаатына намысты кайра колго алып, өнүгүү багыттары менен структуралык өзгөртүүлөрдү декан менен чогуу аныктап, сунуштарды Окумуштуулар кеңеши тарабынан түзүлгөн жумушчу топко берүү зарыл экендиги боюнча кайрылды жана өткөрүлүп жаткан конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Профессорлор Абдыкул Жапаров менен Карбоз Дыйкановдун жөнүндө видео тасма көрсөтүлүп, илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев куттуктоо сөзүн айткандан кийин, конференциянын пленардык жыйыны башталып, ф.и.д., профессор И.Абдувалиев “Жөнөкей суйлөмдүн маселелери А.Жапаровдун эмгектеринде”, УИАнын корр.-мүчөсү, ф.и.д., профессор Т.С.Маразыков “Тилчи-окумуштуу, профессор Карбоз Дыйкановдун емүрү жана чыгармачылыгы” жана ф.и.д., профессор К.Т.Жаманкулова “Профессор А.Жапаров - өз заманынын залкар окумуштуусу” аттуу баяндамаларды жасашты.

02

04

06

08

10

12

14

16

18

20

22

24

26

28

30

32

34

36

press knu 2022

КУУнун түзүмдөрүндөгү жаңылыктар

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Сейчас 515 гостей онлайн
Баннер

Пресс меню

Администратордон

Абитуриенттердин ?-лору

  • Сезим 10.09.2022 16:21
    казахстандын жараны заочныйга тапшырса болобу?

    Толугу менен...

     
  • Аман 31.08.2022 20:34
    Саламатсызбы, мен Юридический факультетке тапшыргам. Ватсаптан групп ачкан жок каяка саат канчага ...

    Толугу менен...

     
  • Шарип кызы Сезим 12.08.2022 07:18
    Саламатсызбы! Мен Нарын Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин химия предметинен бакалавр ...

    Толугу менен...

Студенттердин ?-лору

  • Акылай 05.01.2023 01:39
    Саламатсызбы? "Tömer" курсуна катталуу үчүн кайда, кайсы номерге кайрылышым керек ?

    Толугу менен...

     
  • Сезим 27.10.2022 02:18
    Здравствуйте,я училась в в проф колледже им.Ж Баласагына,меня отчислили за фин долг.Дело вот в чем,я ...

    Толугу менен...

     
  • ФИИТ 26.09.2022 10:42
    Я учусь в ФИИТе уже третий курс, и хотел поинтересоватьс я, есть ли у нас программы по обмену за ...

    Толугу менен...

Бүтүрүүчүлөрдүн ?-лору

  • Ислам 05.12.2022 15:02
    Саламатсызбы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшыруу үчүн Ортдан кошумча ...

    Толугу менен...

     
  • Гулиза 13.09.2022 14:52
    Саламатсынарбы, мен 2015 жылы чет тилдер институтун бутургонмун, андан лингвист окуттуучу деп диплом ...

    Толугу менен...

     
  • Жазгул 03.09.2022 21:15
    Саламатсызбы!Ме н 2009жылы тапшырып 2014жылы бутмокмун.Гос.э кзаменге жаны диплом защитага ...

    Толугу менен...

Пикирлер жана сунуштар

  • Жыпаркул 24.01.2023 10:32
    Кнунун 6 корпусу ото эле суук???? окуганга мумкун эмес????

    Толугу менен...

     
  • Канышай 24.01.2023 10:28
    Саламатсызбы.6- корпустун 1-этажы абдан суук болуп,окуганга оор болуп жатат.Үшуп,оору п жатабыз.Ушул ...

    Толугу менен...

     
  • Юрфак 2 курс спо 22.12.2022 03:10
    Те кто сдали деньги получают высокие баллы а те кто не сдал деньги но старательно учились получают ...

    Толугу менен...

Биздин өнөктөштөр

Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер
Баннер

Окутуучулардын макалалары